ОТДЕЛ НАУКИ И АСПИРАНТУРЫ
Document
Окутуучу Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаева

ОшМУнун Илим жана аспирантура бөлүмү 1991-жылы 22-августта Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин №399/1 буйругу менен аспирантура бөлүмү болуп ачылган. Аспирантура бөлүмүнүн алгачкы башчысы физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.О. Осмоналиев болгон. Бөлүмдү 1993-1995-жылдары филология илимдеринин кандидаты, доцент С.А. Мамытов, 1995-2000-жылдары философия илимдеринин кандидаты Ж.М. Сулайманов жетектеген. 2000-жылдын октябрь айында бөлүм илим жана аспирантура бөлүмү болуп түзүлүп, башчы болуп филология илимдеринин кандидаты, доцент В.К. Сабирова дайындалган. Илим жана аспирантура бөлүмүн 2004-2006-жылдары физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ч. Өскөнбаев, 2006-2008-жылдары ага окутуучу М.М. Садырова, 2008-жылдан 2011-жылга чейин психология илимдеринин кандидаты, доцент А.З. Закировдор жетектешкен. 2011-жылдан бери бөлүмдү физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Г.М. Анарбаева жетектеп келе жатат

Учурда Ош мамлекеттик университетинде аспирантурада 300гө жакын аспирант окуп жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Аспиранттардын илимий жетекчилеринин саны 115 окумуштууну түзөт, анын ичинен 110 окумуштуу илимдин доктору, профессорлор, 5 окумуштуу илимдин кандидаты, доценттер. ОшМУдагы 45 илимдин доктору, профессорлор, 2 илимдин кандидаты, доценттер аспиранттарга илимий жетекчилик кылышат. Башка окуу жайлардан, илимий мекемелерден 65 илимдин доктору, профессорлор, 3 илимдин кандидаты, доценттер илимий шакирттерди даярдашууда. Алардын арасында белгилүү илимпоздор, КУИАнын академиктери жана мүчө-корреспонденттери бар.

Илим жана аспирантура бөлүмү илимий-изилдөө жана илимий багыттагы иш-аракеттерди координациялоо, көзөмөлдөө, аткаруу менен биргеликте аспирантура, докторантуранын ишмердүүлүгүн уюштуруу иш-чараларын ийгиликтүү жүргүзүп келет.2022-жылда ОшМУнун аспирантурасына 15 тармак боюнча 101 адистикке, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп лицензия берилди.

Иш-чаралардын бир багыты катарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан эл аралык, республикалык, аймактык конференциялардын, тренинг-семинарлардын, тегерек столдордун циклин белгилөөгө болот. Ошону менен бирге аспиранттар, изденүүчүлөр жана илимдин жаш талапкерлери үчүн “Илимий изилдөөлөрдүн негиздери”, “Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы”, “Илимий иш-аракеттерди баалоонун жаңы критерийлери”, “Web of sсience, Scopus системаларына илимий эмгектерди жарыкка чыгаруу” ж.б. темалардагы жана Жаш окумуштуулар мектебинин жайкы 3 күндүк тренинг-семинарларынын цикли ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу борборунда жыл сайын өткөрүлөт.

Бөлүм тарабынан студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, өткөрүү, көзөмөлдөө жана координациялоо иш-аракеттери да аткарылып келет. Университетте 2014-жылдан бери бөлүм тарабынан “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция үзгүлтүксүз ийгиликтүү өткөрүлүп келет жана алардын материалдары “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын атайын сандарында жарык көрөт.

ОшМУда көп мезгилден бери салттуу иш-чара катарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан илим жумалыктарын белгилөөгө болот. Жыл сайын март-май айларында жумалыктардын алкагында факультеттерде, коллеждерде аймактык, эл аралык илимий конференциялар, семинарлар, студенттик илимий конференциялар, студенттик олимпиадалар, түрдүү илимий конкурстар, акыл-таймаш оюндары, көргөзмөлөр ж.б. иш-чаралардын цикли өткөрүлөт.

Бөлүмдүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн эл аралык мектебине катышып, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо маселелери боюнча ОшМУнун алдыңкы тажрыйбасында баяндамаларды жасап келет.

Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан “ОшМУну 2019-2024-жылдары өнүктүрүү Концепциясындагы”, “2023-2026-жылдарга «Ош мамлекеттик университетин туруктуу өнүгүүнүн модели» стратегиялык өнүктүрүү программасындагы” илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын ишке ашыруу, эл аралык илим мейкиндигине интеграциялануу иш-аракеттеринин үстүндө максатка багытталган, комплекстүү иш-аракеттердин системасы аткарылууда.