Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде 2025-2026-окуу жылынын сентябрь-декабрь айларында өткөрүлгөн тарбиялык иштер жөнүндө маалымат
Айыл чарба колледжинин 2025-2026-окуу жылы үчүн тарбия, спорт, студенттик уюмдар менен иштөө боюнча комплекстүү планы иштелип чыгып, тиешелүү структураларга таркатылды.
Окуу жылынын алгачкы күнүндө «Билим күнүнө» арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага Ош мамлекеттик университетинин коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Мапаева Нуржамал Абдиллажановна катышты.
Окуу жайга жаңы кабыл алынган студенттер үчүн адаптациялык жумалык уюштурулуп, алар окуу жайдын кабинеттерин, китепканасын жана материалдык-техникалык базасын таанышып чыгышты.
20-октябрь Агроөнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата «Калкты экологиялык таза продукциялар менен камсыз кылуу биздин колубузда» аттуу конференция өткөрүлүп, студенттер жана окутуучулар баяндама, презентациялар менен чыгышты. Ошондой эле айыл чарба продукцияларынын «Түшүм» көргөзмөсү уюштурулду.
17-октябрь күнү ата-энелер, студенттер, кураторлор жана ИДН кызматкерлеринин катышуусунда студенттердин сабакка катышуусу жана тартиби боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
22-октябрь күнү кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча семинар өткөрүлүп, ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана психологдор катышышты.
24-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Төрөбаев Бакыт Эргешович иш сапары менен келип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
«Устат-шакирт» аттуу иш-чара уюштурулуп, анда окутуучулар өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Ар жуманын шейшемби күнү куратордук сааттар өткөрүлүп, мамлекеттик тил, патриоттук тарбия, ден соолук, достук, ынтымак жана улуттук баалуулуктар боюнча темалар талкууланды.
«ОшМУ – таза чөйрө үчүн» аттуу тазалык акциясынын алкагында окуу жайдын аймагында ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Студенттердин эл аралык күнүнө карата салтанаттуу линейка өткөрүлүп, биринчи курстун студенттерине арналган «Жаңы урпак – айыл чарбанын келечеги» аттуу студенттикке кабыл алуу аземи уюштурулду.
Окуу жайдын студенттери ОшМУнун колледждер аралык спартакиадасына катышып, ВТс-1-25 тайпасынын студенти Ашимов Орозали «Мыкты жеңил атлет мырза» номинациясына ээ болду.
Алымбек Датканын 225 жылдыгына карата «Алымбек баскан кан жол – урпактарга кең жол» аттуу тегерек стол өткөрүлүп, студенттер жана окутуучулар баяндама жасашты.
«Кыргыз жараны: бүгүнкү күндө кимбиз жана келечекте ким болобуз» аттуу тегерек стол уюштурулуп, анда улуттук иденттүүлүк жана жарандык баалуулуктар талкууланды.
12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата окуу жайда адабий-маданий иш-чаралар өткөрүлүп, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча талкуулар, интеллектуалдык таймаштар жана адабий кечелер уюштурулду.
Студенттер үчүн «Кел жаңы жыл» аттуу майрамдык иш-чара уюштурулуп, активдүү студенттер Ардак грамоталар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Айыл чарба колледжинин
директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары
М. Зулпукарова











