Табигый илимдер дисциплинары кафедрасында интеллектуалдык КВН өткөрүлдү
2025-жылдын 19-декабрында табигый илимдер дисциплинар кафедрасынын физика, химия, биология предметинин окутуучулары тарабынан интеллектуалдык КВН уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, логикалык ой- жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана командалык иштөө көндүмдөрүн чыңдоого багытталды. КВНге дарылоо иши, педиатрия, стоматология адистиктеринин 1-курсунун студенттери активдүү катышышты. Физиктер «Медициналык» факультетин физикалык кубулуштары, химиктер — «H₂O-O», биологдор — «Күлкүнүн ташуучулары» аталыштары менен өз күчтөрүн сынашты. Иш-чара достук атмосферада өтүп, катышуучуларга позитивдүү маанай тартуулады. Баардык катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты.











