2025- жылдын декабрь айында А. Эйнштейндин дүйнө таанымды түп-тамырынан өзгөрткөн салыштырмалуулук теориясынын 110 жылдыгына карата Медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасы
биофизика сабагы боюнча факультеттик олимпиада өткөрдү.
Иш-чаранын максаты — студенттердин фундаменталдык илимдерге кызыгуусун арттыруу, биофизикалык түшүнүктөрдү тереңдетүү жана дарыгерлердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болду. Олимпиадага медицина факультетинин 17 студенти катышып,алар теориялык суроолорго жооп берип, биофизиканын мыйзамдарын медициналык практикага колдонуу тапшырмаларды аткарышты. Иш-чара достук атмосферада өтүп, студенттер активдүү катышуу менен жогорку кызыгуусун көрсөтүштү.Кафедра жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн катышуучуларды атайын дипломдор жана сыйлыктар менен сыйлады. Кафедра жамааты бардык катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктап, илимий-изилдөө иштерине жана предметтик олимпиадаларга мындан ары да активдүү катышууга чакырат.











