Программалоо ПЦКсынын окуу-усулдук иштери боюнча жооптуу окутуучусу
Сулайманов Завур Мамадалиевич
Окуу-усулдук иштери ПрограммалооПЦКсынын негизги милдеттери окуу-усулдук иштер үчүн жогорку органдын (ОшМУ) талабына ылайык иш программасын жана силлабустарды даярдоо (ОУК);
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында тиешелүү багыттар жана адистиктер боюнча окуу пландарын иштеп чыгуу;
- лекцияларды, практикалык жана лабораториялык иштерди, ПЦКнын мугалимдеринин квалификациялык деңгээлдерин жогорулатуу; студенттерди окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологияларын киргизүү;
- учурдагы жана модулдук текшерүүлөрдү, экзамендерди;
- өз ара сабактарга катышуу;
- мугалимдердин окуу- усулдук иштери боюнча жеке пландарын жана отчетторун талкуулоо; мыкты мугалимдердин тажрыйбаларын жайылтуу; жаңы кабыл алынган мугалимдерге усулдук жактан билимдерин өркүндөтүүгө, педагогикалык чеберчиликти өздөштүрүүдө усулдук жардам көрсөтүү;
- ПЦК мүчөлөрүнүн окуу - усулдук ишмердүүлүгүн тынымсыз өркүндөтүү; окуу процессин илимий-методикалык курстар менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу;











