ПЦКНЫН ТАРЫХЫ
Кесипке багыт берүү ПЦКсынын тарыхы

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ПЦКСЫНЫН ТАРЫХЫ

Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде билим берүү процессин өркүндөтүү, айыл чарба багытындагы адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү максатында 2025-жылдын 17-сентябрындагы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин №1 протоколунун чечиминин негизинде структуралык өзгөртүүлөр киргизилген. Ошол чечимдин негизинде ОшМУнун Айыл чарба колледжинде 2025-жылдын 03-октябрындагы №5111-ФХД/25 буйругуна ылайык “Кесипке багыт берүү” предметтик-циклдык комиссиясы (ПЦК) болуп түзүлгөн.

Кесипке багыт берүү ПЦКсы айыл чарба тармагындагы орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу окуу-усулдук жана өндүрүштүк түзүм болуп эсептелет. ПЦКнын курамында төмөнкү адистиктер боюнча студенттер даярдалат:

  1. Ветеринария
  2. Айыл чарбасынын механизациясы
  3. Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу
  4. Агрономия

Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы болуп 2025-жылдын 16-октябрындагы №5758-ФХД/25 буйругунун негизинде биология илимдеринин кандидаты, доцент Халмурзаев Абдирашит Назирбекович дайындалган.

Бүгүнкү күндө Кесипке багыт берүү ПЦКсы студенттерге сапаттуу билим берүү, заманбап технологияларды колдонуу, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү жана айыл чарба тармагына жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо багытында өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келет.