ПЦКНЫН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
ПЦКнын максаты жана милдеттери

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ПЦКСЫНЫН МАКСАТЫ

Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамдарына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Ош мамлекеттик университетинин миссиясына ылайык орто кесиптик билим берүү программаларын сапаттуу ишке ашыруу менен эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, заманбап талаптарга жооп берген айыл чарба багытындагы квалификациялуу адистерди даярдоо. Айыл чарба тармагындагы өндүрүштүк, илимий жана практикалык иштерди айкалыштыруу аркылуу студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, алардын чыгармачыл, илимий жана практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү ПЦКнын негизги максаты болуп эсептелет.

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ПЦКСЫНЫН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ

  1. Билим берүү процессине инновациялык технологияларды, санариптик жана интерактивдүү окутуу усулдарын киргизүү
  2. Айыл чарба тармагындагы мекеме-ишканалар менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана практикалык базаларды чыңдоо
  3. Студенттердин конференцияларга, олимпиадаларга жана кесиптик сынактарга активдүү катышуусуна көмөктөшүү
  4. Эл аралык жана жергиликтүү илимий-практикалык байланыштарды өнүктүрүү
  5. Гранттык долбоорлорго, илимий программаларга жана инновациялык иш-чараларга катышууну жандандыруу
  6. ПЦКнын, колледждин жана университеттин коомдук, тарбиялык жана илимий иштерине активдүү катышуу
  7. Студенттердин кесиптик этикасын, жоопкерчилигин жана жарандык маданиятын калыптандыруу