2026-жылдын 29-октябрында Ош мамлекеттик университетинин STEM колледжинде алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында семинар өткөрүлдү.
Семинар 2025–2026-окуу жылындагы «ОшМУнун заманбап лектору – 2026» сынагынын жеңүүчүлөрү тарабынан өткөрүлүп жаткан семинарлардын жана мастер-класстардын алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап билим берүү ыкмалары, окутуунун натыйжалуу усулдары, инновациялык технологияларды окуу процессинде колдонуу жана педагогикалык тажрыйбаларды бөлүшүү маселелери каралды.
Семинарга STEM колледжинин окутуучулары жана тиешелүү факультеттердин өкүлдөрү катышып, өз ара пикир алмашып, пайдалуу тажрыйбалар менен бөлүшүштү.
Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.
STEM колледжинде BilimAI долбоору боюнча семинар өттү
STEM колледжинде Жанболот Калбаев тарабынан BilimAI долбоору боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Жанболот Калбаев өзү иштеп чыккан BilimAI долбоору менен тааныштырып, анын мүмкүнчүлүктөрү жана билим берүү тармагында колдонулушу тууралуу маалымат берди. Катышуучулар долбоордун өзгөчөлүктөрү жана билим берүү процессиндеги мааниси менен таанышышты.











