2026-жылдын 29-октябрында Ош мамлекеттик университетинин STEM колледжинде алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында уюштурулган семинар өткөрүлдү
Семинар 2025–2026-окуу жылындагы «ОшМУнун заманбап лектору – 2026» сынагынын жеңүүчүлөрү тарабынан өткөрүлүп жаткан семинарлардын жана мастер-класстардын алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап билим берүү ыкмалары, окутуунун натыйжалуу усулдары, инновациялык технологияларды окуу процессинде колдонуу жана педагогикалык тажрыйбаларды бөлүшүү маселелери каралды. Семинарга STEM колледжинин окутуучулары жана тиешелүү факультеттердин өкүлдөрү катышып, өз ара пикир алмашып, пайдалуу тажрыйбалар менен бөлүшүштү. Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.
Бүгүн, 15-сентябрда STEM инновациялык колледжинде Билим күнү- башкача айтканда жаңы окуу жылынын башталышына арналган иш-чара болуп өттү. Ага Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, директор Бегайым Абдылакимова баштаган STEM инновациялык колледжинин жалпы профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышты. Директор окуу жайдын босогосун жаңыдан аттаган биринчи курстун студенттерин студенттик жашоонун башталышы менен куттуктап, аларды сапаттуу билим алууга, өз кесибин мыкты өздөштүрүүгө, келечекте мыкты адис болууга чакырды. Билим күнүнө арналган иш-чарада студенттерге колледждин окуу процесси, ички тартиби жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.














