Эл аралык конгресске катышуу жана тажрыйба алмашуу
2026-жылдын 3–5-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде эл аралык конгресс болуп өттү.
Аталган конгресске STEM-инновациялык колледжинин ИКД циклынын окутуучусу, ОшМУнун аспиранты Мырзагүл Рахманберди кызы катышып, «Численное моделирование тандемного обтекания упругих тел» аттуу темада баяндама жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен бөлүшүп, өз ара тажрыйба алмашууга жана кесиптик байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты.
Конгресске катышуу окутуучунун илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана эл аралык илимий тажрыйба топтоого өбөлгө түздү.
Илимий жетишкендиктер — билим берүүнүн өнүгүүсүнө кошкон салым!
Конгресстен көз ирмемдер











