2026-2027

2026-жылдын 12-ноябрь күнү Информациялык коммуникациялык дициплиналар циклынын "Колдонмо информатика" адистигинин 9 база 3-курс, 11 база 2-курс студенттеринин өндүрүштүк практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга бөлүм башчы Шакиров Кылычбек, колледждин практика жетекчиси З.С.Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчиси Рахманберди кызы Мырзагүл жана башка окутуучулар катышышты

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге өндүрүштүк практиканын максаттары жана милдеттери, практиканы өтөө тартиби, өндүрүштүк мекемелерде аткарылуучу иштер жана практика учурунда сакталуучу талаптар тууралуу маалыматтар берилди.

Конференция студенттердин теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адистик ишмердүүлүгүнө даярдыгын жогорулатууга багытталды.