2026-2027

2026-жылдын 12-ноябрында STEM-инновациялык колледжинин ИКД циклынын ПИэ адистигинин студенттери үчүн окуу-өндүрүштүк практикасын уюштуруу жана өткөрүү максатында конференция өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге окуу-өндүрүштүк практиканын максаттары жана милдеттери, практиканы өтөө тартиби, өндүрүштүк мекемелерде аткарылуучу иштер жана практика учурунда сакталуучу талаптар тууралуу маалыматтар берилди.

Конференция студенттердин теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөгө, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адистик ишмердүүлүгүнө даярдыгын жогорулатууга багытталды.