КМШга - 35 жыл: тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги
      Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата тематикалык сабактарды жана лекцияларды өткөрүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында, Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринин, жогорку мектебинин, институттарынын студенттерине «Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология» кафедрасынын окутуучулары тарабынан «КМШга – 35 жыл: тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги» деген темада лекциялар өтүлдү.
      Лекциянын жүрүшүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлүү тарыхы, калыптануу этаптары жана бүгүнкү күндөгү эл аралык мамилелер системасындагы орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо жана аймактык интеграцияны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
      Лекция студенттердин КМШнын тарыхы, учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу билимдерин тереңдетүүгө багытталды.

№

Лектордун аты-жөнү

Мөөнөтү

Өтүлүүчү аудиториясы

Лекция өтүлгөн факультет/институт

1

Шаанов Талант Мурадиллаевич

22-октябрь, 2026

307

Тарых-юридика институту (4-курс)

2

Тагайбекова Айнура Алибаевна

22-октябрь, 2026

306

Медицина факультети

3

Тилекова Уулкан Кушбаковна

22-октябрь, 2026

302

Экономика, бизнес жана менеджмент институту

4

Смадияров Cыдык Акунович

23-октябрь, 2026

318

Тарых-юридика институту (2-курс)

5

Жаркынбаев Талайбек Жумабаевич

26-октябрь, 2026

318

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби

6

Арстанов Сабыркул Абдиманапович

26-октябрь, 2026

309

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту

7

Сатыбалдиева Чыныхан Топчубаевна

27-октябрь, 2026

213

Орус филологиясы факультети

8

Атаканова Гулмира Асилбековна

27-октябрь, 2026

307

Чет тилдер факультети

9

Рыскулов Канат Кадыркулович

28-октябрь, 2026

309

Тарых-юридика институту (3-курс)

10

Жолдошов Токтомбек Шералиевич

28-октябрь, 2026

231

Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту

11

Алишер кызы Салтанат

29-октябрь, 2026

206

Тарых-юридика институту (1-курс)

12

Султанова Махпуратхон Шакировна

28-октябрь, 2026

214

Педагогика жана искусство институту

13

Жапарова Айгерим Кубатбековна

29-октябрь, 2026

317

Чыгыш таануу институту

14

Салиева Эльмира Абдукаримовна

30-октябрь, 2026

208

Кыргыз-Кытай факультети

15

Эрмекбай уулу Улукмурза

30-октябрь, 2026

106

Теология факультети

16

Осмонова Самара Курбаналиевна

30-октябрь, 2026

Тегерек зал

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

17

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Пасанова Клара Балтабаевна

12-ноябрь, 2026

Көк лекциялык залы

Эл аралык медицина факультети