Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич
Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич 1975-жылы 30-декабрда Чон-Алай районунда
туулган.
1992-1997-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинде билим алган.
Эмгек ишмердигин 1997-жылы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика
кафедрасында окутуучу болуп баштаган.
2002-2007-жылдары Компьютердик технологиялар факультетинин деканынын
сырттан окуу боюнча орун басары, прикладдык жана компьютердик математика
кафедрасынын улук окутуучусу болуп иштеген.
2008-2011-жылдарда Математика жана информациялык технологиялар
факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, программалоо
кафедрасынын улук окутуучусу, доценти.
2011-2016-жылдары ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору,
программалоо кафедрасынын доценти.
2016-2017-жылдары ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору кызмат орундарында
эмгектенген.
2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин
орун басары кызматын аркалаган.
2019-жылдын 13-сентябрынан 28-октябрына чейин ОшМУнун ректорунун милдетин
аткаруучу.
2019-жылдын 11-ноябрынынан ОшМУнун ректору кызматына шайланды.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
-Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (2005);
- Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы (2008);
- КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2012);
- Россия табигый илимдер академиясынын профессору (2016).
НЕГИЗГИ ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ:
- 2009-жылдын 25-декабрында ф.-м.и.д., профессор А. Сопуевдин жетекчилиги
астында «Аралаш типтеги үчүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык
теңдемелер үчүн чек аралык маселелер» деген темада кандидаттык
диссертациясын коргогон.
- 2014-жылдын 27-мартында КРнын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими
менен “Математика” адистиги боюнча доценттик илимий наам ыйгарылган.
-2020-жылдын 18-июнунда ф.-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти К. Алымкуловдун жетекчилиги астында “Бисингулярдуу козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдеринин бир калыптагы асимптотикасы” аттуу темада физика-математика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргогон.
Байланыш:
Кабылдама:0(3222) 7-22-73
Факс:
0(3222) 7-09-15
e-mail:
rector@oshsu.kg