«Энергетика» кафедрасында жалпысынан 1 профессор, 3 илимдин кандидаттары, 2 ага окутуучу, 5 окутуучу жана 2 көмөкчү кызматкерлер эмгектенишип келе жатат. «Энергетика» кафедрасынын негизги максаты жогорку квалификациялуу инженер адистерди даярдоо. Адистерди даярдоочу материалдык-техникалык база түзүлгөн. Окулган теориялык билимди практика жүзүндө айкалыштыруучу иштөөчү макеттер, приборлор жана көргөзүүчү куралдар илинген. Студенттер заманбап компьютер техникаларынын жардамында электр схемаларын чийип жана долбоорлорду түзүп такшалышат. Профессордук-окутуучулук курамдын илимий даражага ээ болгону, жалпы окутуучулардын санынын 40 %ын түзөт.
«Энергетика» кафедрасы 640200 - «Электроэнергетика жана электротех-ника» багыты боюнча PhD докторлорду, магистрлерди жана бакалаврларды, ал эми Архитектура багыты боюнча бакалаврларды даярдап чыгарууда.
Кафедранын областтагы, райондордогу, шаардагы Энергетика тармагындагы өндүрүш мекемелери жана ишканалары менен практиканын түрдүү формаларын өткөрүү боюнча түзүлгөн эмгек келишимдердин негизинде студенттер окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикаларды өтөп келишет.
Кафедра ОшЭТИ (ПЭС), Жалал-АбадЭТИ (ПЭС), БаткенЭТИ (ПЭС), ОшЖЭБ (ТЭЦ), Токтогул ГЭСтеринин каскады, Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскады, МП “Ошсвет”, МП “Жылуулук камсыздоо”, Облустук жана шаардык архитектура, райондордогу курулуш ишканаларында жана башка жеке, чакан мекемелери менен өз-ара кызматташуу жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу боюнча келишимдерди түзгөн жана алар менен өтө тыгыз иштөөдө.











