ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Майрамдык кече Энергетика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалып, коноктордун катышуусунда, концерттик программа менен коштолду. Алгач институтубуздун директору, доцент Б.А. Азимов салтанаттуу иш-чараны ачып берди жана Энергетика тармагынан келген конокторду, Энергетика кафедрасынын окутуучулук жамаатын жана студенттерди кесиптик майрамы менен кызуу куттуктады. Ал өз сөзүндө азыркы учурда кыргыз энергетикасы өнүгүп, алгылыктуу иш-аракеттер жүрүп жатканын баса белгилеп, ошону менен бирге ОшМУда дагы күн электр орнотмолору кеңири колдонулуп, энергетика багытында окуп жаткан студенттерге жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтып өттү. Энергетика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент З.Ш. Айдарбеков кыргыз энергетикасынын тарыхы, энергетиктер күнүнүн белгиленип калышы, кыргыз энергосистемасы жана Энергетика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери менен биргеликте аткарылган иштер менен тааныштырып, кеңири баяндама жасап берди. Энергетика кафедрасынын профессору, т.и.д. И.Г. Кенжаев, ОшТУнун Энергетика жана транспорт институтунун профессору, т.и.к., Токоев М.П., Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары Топчубаев А.А., “Бекстрой” курулуш компаниясынын директору Э.К. Олжобаев, “Пуск” ЖЧКсынын директору Ж.А. Ожорбаевдер куттуктоо сөздөрүн айтышты. Айыл-чарба колледжинин окутуучусу Д. Кушбакова жана ЭАСХ адистигинин студенттери катышышты. Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа ыр, интермедия, интеллектуалдык логикалык суроо жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата окуудагы мыкты студенттер институттун ардак грамотасы менен сыйланышты. Ал эми даталуу күнгө карата тайпалар арасында уюштурулган спорттун футбол, волейбол түрлөрүнүн жеңүүчүлөрү I, II, III - даражадагы диплом жана грамоталар менен сыйланышты.
Энергетика кафедрасындагы даярдалып жаткан бакалавр жана магистратура программаларынын 640200 "Электроэнергетика жана Электротехника" 750100 "Архитектура" 2023-2024-окуу жылына карата НББПнын окуу пландары, калыптандыруу компетенциялар, кутулуучу натыйжалары Стейкхолдерлердин катышуусунда талкууланды жана бекитууго сунушталды.
17-май 2023-жылында ОшМУнун башкы корпусунда ачык эшиктер куну болуп отту

15-май 2023жылында Энергетика кафедрасы проферентация иштерин №42 Керме-Тоо мектеп гимназиясына откорду.

640200 "Электроэнергетика жана Электротехника" багытынын (бакалавр) ЭСб-1-19 тайпасы электр менен камсыздоо профили №1140-0/023 24.03.2023 ректордун буйругунун негизинде 03-апрелинен 29-апрелине чейин квалификация алдындагы практика отоп 12-май куну практика отчетторун кабыл алуу боюнча кафедрада конференция уюштурулуп 213 аудиторияда откорулду. ЭСб-1-19 тайпасынан Маманов М жана башка студенттер практика боюнча отчет жасады. Ага Архитектура адистиги 750100 багытынын Арх(б)-1-22 тайпасынын студенттери окуу-таанышуу практикасын отоп келишип конференцияда практика боюнча доклад жасашты.
“Илим жумалыгы – 2023” алкагында профессор, ф.-м.и.д., Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер Арапов Байыш Араповичтин 80 жылдыгына карата “Физиканын, энергетиканын проблемалары жана актуалдуу маселелери” аттуу студенттик VII илимий-практикалык конференциясынын 640200 “Электроэнергетика жана электротехника” секциясынын отуруму 2023-жылдын 3-май күнү Илим жумалыгынын биринчи отуруму болуп отту.

Ош мамлекеттик университетинин Энергетика кафедрасы тарабынан ЭСб-1-19 жана ЭСб-1-21 тайпаларынын студенттерин 2023-жылдын 28-мартындагы № 1318-ФХД/23 буйругуна ылайык 2023-жылдын 3-6-апрель күндөрү ГЭСтердин түзүлүшү жана иштөө принцибин практика жүзүндө үйрөтүү максатында Кыргызстандын ири ГЭСтери Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Камбар-Ата-2 ГЭС, Үч-Коргон ГЭСтерине окуу танышуу жана диплом алдындагы практикалардын 1-этабы боюнча экскурсия уюштурулду.
Экскурсия учурунда студенттер ири ГЭСтердин тарыхы, түзүлүшү, иштөө принциптери, иштетүү шарттары жана ал жерде иш алып барып жаткан алдынкы адистер менен жолугушуп айрым суроолорго жооп алышты.
src="ttps://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20230510051547-ftf.jpeg" >

Энергетика кафедрасынын жааматы студенттер менен биргеликте 2023-жылдын 25-март күнү ишембилике катышты.

Энергетика кафедрасынын доценти ФТФнын деканы Айдарбеков Зарипбек Шарипович 2022-жылдын 2-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыразычылык каты менен сыйланды

Бильярд боюнча мелдеш.
18-февраль күнү ФТФнын кесиптик кошуну тарабынан факультеттин бильярд оюну боюнча мелдеши болуп өттү.
Ага Энергетика кафедрасынын окутуучулары да катышты

2022-жылдын 22-декабрь күнү Физика-техника факультетинин Энрегетика кафедрасы тарабынан “Энергетиктер күнүнө” карата энергетиктердин кесиптик майрамын белгилөөгө арналган атайын иш-чара уюштурулду.
Иш чарага, ОшМУнун докторантура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор Кенжаев Идирис Гуламович, ФТФнын деканы, т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шарипович, “Алтынбаш” ЖЧКнын директору Өжөрбаев Жамшит Айылчиевич, “ОшПЭС” ишканасынын башкы инженери Акимбеков Орозмамат Исакович, ОшМУнун Энергетика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Матисаков Түгөлбай Кубатбаевич, Физика-техника факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, Энергетика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук курамы, магистранттары жана студенттери катышышты.
Иш чарада Кыргызстандын энергетика тармагынын тарыхы, бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги жөнүндө баяндамалар жарыш сөздөр менен уланды.
Катышкан коноктор тарабынан сунуштар пикирлер талкууланды жана студенттер тарабынан даярдалган коцерттик программа менен жыйынтыкталды.

2022-жылдын 19-декабрь күнү 640200-Электроэнергетика жана электротехника багытында окуп жаткан студенттерди окууга шыктандыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында
Энергетика кафедрасы тарабынан футбол боюнча командалар арасында мелдеш уюштурулду.


Окуу-таанышуу практикасын кабыл алуу конференциясы
Окуу-таанышуу практикасын кабыл алуу конференциясы 2021-жылдын 27-апрель күнү Энергетика кафедрасы Окуу-таанышуу практикасынан келген ЭСб-1-19 тайпасынын студенттеринин отчетторун кабыл алуу максатында конференция уюштурулду. Конференцияда студенттер отчетторун коргошту. Кафедрада түзүлгөн комиссия тарабынан суроолор берилип, талкууланып, жыйынтыгы протоколдоштурулду.






















