КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ ЖАНА АРХЕОЛОГИЯ, ЭТНОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ
ОшМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчү адистиктерине жана факультеттер аралык тарых эмес адистерине “Кыргызстан тарыхы” предметинен окутуучу кафедра болуп эсептелет. «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы алгач 1992-жылы баштапкы «СССР тарыхы» кафедрасынын базасында түзүлүп, 1996-жылдын 4-декабрына чейин иш алып барган.
1996-жылдын 28-августагы кафедранын жыйынын (протокол №1), ОшМУнун Окумуштуулар Кенешинин чечимине (протокол №28 25-ноябрь, 1996-ж.) жана ректордун буйругуна ылайык «Ата Мекен тарыхы» кафедрасы «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. Бул кафедра тарых факультетин жана университеттин тарых эмес адистиктерин камсыз кылып турган. 2006-жылы «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы эки өз алдынча кафедрага бөлүнгөн 2006-жылдын 28-августагы ОшМУнун Окумуштуулар Кенешинин чечимине (протокол №1) жана ректордун буйругуна (№322, § 1) ылайык « Кыргызстан тарыхы» кафедрасы төмөндөгүдөй бөлүндү:
1. «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы (бутуруучу кафедра).
2. «Ата Мекен тарыхы» кафедрасы (тарых эмес адистиктерди камсыз кылуучу кафедра).
1- Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы кафедрасы кафедраны доцент Смадияров Сыдык жетектеп кафедранын курамында 2 ага окутуучу 10 окутуучу эмгектенип. Тарых факультетинин тарых адистиктерине Кыргызстан тарыхы жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча сабак окутулган. 2- Ата мекен тарыхы кафедраны профессор Абытов Байболот жетектеп кафедраны 1 профессор 1 доцент 4 ага окутуучу 6 окутуучу эмгектенип ОшМУнун факультеттер аралык тарых эмес адистиктерин камсыз кылуучу кафедра болуп эсептешкен.
ОшМУнун ректорунун 6-сентябрь 2010-жылдагы буйругуна (№335-1) ылайык 2 кафедра кайрадан биригип башчысынын милдетин аткаруучу болуп тарых илимдеринин кандидаты доцент Смадияров Сыдык Акунович дайындалган. Ошол эле жылы ноябрь айында кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп тарых илимдеринин кандидаты доцент Гапаров Т. А. дайындалган. Кайрадан тарых-юридика факультетинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасынын башчысы кызмат ордуна 2013жыл 30-январынын. № 26.1 буйругунун негизинде Смадияров С.А. дайындалган.
2014-ж. 5-сентябрь №408 буйруктун негизинде ОшМУнун тарых-юридика факультети эки факультетке (тарых факультети, юридика факультети) бөдүнгөндүгүнө байланыштуу тарых факултетинин декандык кызматка Смадияров Сыдык Акунович конкурстук шайлоонун негизде шайланып. 2014-ж. 29-сентябрь №465 буйруктун негизинде Ташмаматов Өмурбек Аматбекович тарых факультетинин “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын башчысы болуп дайындалган.ошол күндөн тартып 2021-жылга чейин кафедра башчылык кызматын аркалаган.
2021-жылдын апрель айынан Кыргызстан тарыхы жана археология,этнология кафедрасынын башчысы болуп т.и.к.,доцент Шаанов Талант Мурадиллаевич дайындалган жана ушул күндөргө чейин эмгектенип келет.
«Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология » кафедрасынын окутуучулар курамында азыркы учурда 4 илиминин доктору 12 илимдин кандидаты, доцент, 5 улук окутуучу, 4 окутуучу жана 2 ассистент эмгектенип келет. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы Тарых-юирдика институтунда жана ОшМУнун турмушундагы илимий, окуу-усулдук, тарбиялык жана жалпы маданий-массалык иштерине кафедранын профессор-окутуучулардын катышуусу жана кошкон салымдары арбын.
КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ ЖАНА АРХЕОЛОГИЯ, ЭТНОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ
ОшМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчү адистиктерине жана факультеттер аралык тарых эмес адистерине «Кыргызстан тарыхы» предметинен окутуучу кафедра болуп эсептелет. «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы алгач 1992-жылы баштапкы «СССР тарыхы» кафедрасынын базасында түзүлүп, 1996-жылдын 4-декабрына чейин иш алып барган.
1996-жылдын 28-августундагы кафедранын жыйынынын чечимине жана ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык «Ата Мекен тарыхы» кафедрасы «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. Бул кафедра тарых факультетин жана университеттин тарых эмес адистиктерин камсыз кылып турган.
2006-жылы «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы эки өз алдынча кафедрага бөлүнгөн:
- «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы (бүтүрүүчү кафедра)
- «Ата Мекен тарыхы» кафедрасы (тарых эмес адистиктерди камсыз кылуучу)
«Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасын доцент Смадияров Сыдык жетектеп, кафедрада 2 ага окутуучу жана 10 окутуучу эмгектенген. Ал эми «Ата Мекен тарыхы» кафедрасын профессор Абытов Байболот жетектеп, кафедрада 1 профессор, 1 доцент, 4 ага окутуучу жана 6 окутуучу иштеген.
2010-жылдын 6-сентябрында ОшМУнун ректорунун буйругуна ылайык эки кафедра кайрадан биригип, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп тарых илимдеринин кандидаты, доцент Смадияров Сыдык Акунович дайындалган.
2014-жылы университеттин түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу тарых факультети өзүнчө факультет болуп түзүлүп, ошол эле жылы Ташмаматов Өмүрбек Аматбекович «Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология» кафедрасынын башчысы болуп дайындалган.
2021-жылдын апрель айынан тартып кафедра башчысы болуп тарых илимдеринин кандидаты, доцент Шаанов Талант Мурадиллаевич иштеп келет.
Азыркы учурда кафедрада 4 илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты жана доценттер, 5 улук окутуучу, 4 окутуучу жана 2 ассистент эмгектенип келет. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы университеттин илимий, окуу-усулдук, тарбиялык жана маданий иштерине активдүү катышып келет.
Археологиялык практика
Тарых-юридика институтунун социалдык экономикалык билим берүү бөлүмүндө анын ичинде Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасында алган билимдерин бышыктоо максатында атайын талаа шартында археологиялык жана этнографиялык практикасы уюштурулат.
Ал эми 2-курсунда болсо музейлик жана архивдик практикаларын өтөлөт. Бүгүнкү күндө сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери практикаларын өтүүдө усулчу окутуучулар тарабынан жекече кошумча тапшырмалар берилет.
Практика учурунда студенттер байыркы археологиялык, архитектуралык жана тарыхый жайлар, петроглифтер, шаар калдыктары жана мүрзө комплекстери менен таанышышат.

Тарых факультетинде практикалардын сапатын жакшыртуу максатында адаптациялык, профилдик-базалык, кесиптик-профилдик практикаларды аткаруу боюнча бакалавр багыты үчүн атайын жумушчу программалары, силлабустары кайрадан иштелип чыкты. Бүгүнкү кундө сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери практикаларын өтүшүүдө. Ал эми күндүзгү бөлүмүнүн 3-4-курстарынын студенттери тиешелүү практикаларын Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мектептерине өтушуудө. Айрыкча Кара-Суу районунун Кычан Жакыпов атындагы жатак-мектеби менен келишимдер түзүлүп, практикантар үчүн жакшы шарттар түзүлүп, практиканын сапаты бир кыйла сапаттуу аткарылууда. Усулчулар: Айтбаев Т., Чыныкеева Г, Жумашова Г., Кадыров Т., Осмонова Б студенттер менен тыгыз байланышта болушуп, усулдук жардамдарды көрсөтушуудө. Студенттердин жеткиликтүү билимдерине жакшы баалар берилип, А.Момбекова, А.Навои мектептеринин жетекчилери, мугалимдери тарабынан жакшы сөздөр айтылууда.
Практика боюнча жооптуу, улук окутуучу Эрмекбаев К.М.












