Тарыхы
Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун “Элементардык математика жана аны окутуунун методикасы” кафедрасы 1965-жылы уюштурулуп математиканы окутуунун методикасы, элементардык математика, жогорку геометрия дисциплиналарын окутууга профилдешкен. ОшПИнин физика-математика факультетинин биринчи бүтүрүүчүсү М.Н.Назаров кафедра башчысынын милдетин аткарган. Кафедранын курамында МамуровТ.М., Афанасенко Р.М., Кравченко С.Л., Жолдошев Б., Сабирова Н.Н., Сманов Т.С., Кулмаматов Т.К. ж.б. эмгектенишкен.
1972-73-окуу жылында анын курамынан алгебра жана геометрия кафедрасы бөлүнүп чыккандан кийин кафедра “Математиканы окутуунун методикасы” аталышында кайра түзүлгөн. Ал мезгилде ОМПИде саналуу гана окутуучулар илимий даражалуу болгондуктан, илимий- изилдөө жумуштарын алга жылдыруу үчүн кафедра СССРдеги алдыңкы илимий борборлор менен байланыш түзүүгө киришет. Назаров М.Н., Кулмаматов Т.К. ж.б. окутуучулар аспирантурага окууга киришет, жаш окутуучулар квалификациясын өркүндөтүү курстарына, илимий сапарларга, стажировкаларга жиберилет. Москва, Алма-Ата, Ташкент, Ленинград ж.б. илимий борборлордон таанымал окумуштуулар факультетке чакырылып атайын лекциялар жана илимий кызматташуулар уюштурулат.
Кафедраны 1982-жылга чейин п.и.к., доц. Назаров М.Н. жетектеген. Факультеттен, борбордук ЖОЖдон алдынкы бүтүрүүчүлөр Максутов Т., Тажибаев К., Еремина Г.Г., Пакыров Т., Максутов А., Бөрүбаев Т., Алтыбаева М., Мадраимов С., Жапаров С., Култаев Т., Сатымкулов С. Маматкулова М., Син Е.Е., Костомарова Л.Ю., Белоусова А.Г., Ташбалтаев М. кафедрага окутуучулукка кабыл алынган. Алар өздөрүнүн илимий-теориялык, методикалык деңгээлдерин жогорулатуу максатында аспирантурада окушат, көпчүлүгү илимдинкандидатыокумуштуулук даражасына, доценттик наамга ээ болушат.
1982-1988-жылдары кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., факультеттин бүтүрүүчүсү Максутов Р.М. эмгектенген. Бул жылдары кафедранын материалдык базасы бир кыйла байып мектеп тибиндеги математикалык кабинет, автоматташтырылган класс, кафедранын методикалык китеп текчеси түзүлгөн, студенттер үчүн окуу колдонмолор басмадан чыгарылган. Кийин кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., доц. Чынкараев Т. (1989-1990), п.и.к., доц. Алтыбаева М. (1991-2001), ага окутуучу Тагаев У. (2002-2004) эмгектенишкен, 2005-2007-жж. п.и.к., доц. Аттокурова А.Дж. кафедра башчысынын милдетин аткарып кафедраны жетектеген. 2021-ж. баштап азыркы учурга чейин п.и.д., профессор Келдибекова А. О. кафедраны жетектеп келүүдө.
1992-жылы кафедранын алдында 13.00.02.- Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жанаметодикасы (математика) адистиги боюнча аспирантура ачылган. Аны ийгиликтүү бүтүргөндөрдөн Тургунбаев С., Касымбаев Б., Аттокурова А. профессор М.Н. Назаровдун илимий жетекчилигинде; кафедранын изденүүчүлөрү Токтомамбетова Ж., Турдубаева К., аспирант Сооронбаева К. доцент М.А. Алтыбаеванын илимий жетекчилигинде, Ш. Оморов проф. К.М. Торогельдиеванын илимий жетекчилигинде кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.
А.О. Келдибекова профессор Байсалов Дж.У. илимий жетекчилигинде кандидаттык жана доктордук диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, 13.00.02.- окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (математика) боюнча Кыргызстандын түштук жождорунуну тарыхында биринчи педагогика илимдеринин доктору болуп, 2023-2025 жж. 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (математика, информатика, билим берүүнү маалыматташтыруу) И. Арабаев атындагы КМУнун жана ОшМУнун алдындагы доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Окуу жайы жаңы статуска ээ болушу менен кафедранын ишмердүүлүгүндө да жаңылануулар болуп, 2001-жылы “Математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы” аталышына өзгөртүлгөн.
2012-ж. кафедрада 550200 Физика-математикалык билим берүү (математика профили), (информатика профили) бакалаврдык, 2014 ж. магистрдик 550200 Физика-математикалык билим берүү (математика профили) программалар негизделген. Заманбап меткептин талаптарына ылайык, 550200 Физика-математикалык билим берүү (математика жана информатика профили) 2021-ж. магистрдик, 2022-ж. бакалаврдык программалар түзүлгөн. ОшМУда 2013-2015-жылдары ишке ашырылган TEMPUS EDUCA долбоорунун натыйжасы катары кафедрада 2014-ж. “Билим берүү менеджмент” магистрдик программасы ачылган.
Жаңы статуска ээ болушу менен 2016-жылы “Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджмент” кафедрасы аталышына өзгөртүлдү. «Математиканы жана информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент» кафедрасы математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун профилдештирүүчү кафедралардын бири. Кафедранын азыркы курамында 12 окутуучу, 2 методист, 1 улук адис бар. Учурда 1 п.и.д., профессор, 4 п.и.к., доцент, 3 улук окутуучу, 3 окутуучу, 1 улук адис, 2 методист эмгектенет.
Кафедрада 1 бакалаврдык, 2 магистрдик программалар реализацияланат: 550200 "Физика-математикалык билим берүү (профильдери: математика, информатика, математика жана информатика)" бакалаврдык жана магистрдик программаларынын жетекчиси профессор Келдибекова А. О.; "Билим берүүдөгү менеджмент" магистрдик программанын жетекчиси доцент Алтыбаева М. А. Билим берүү программалары көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүп: "Билим берүүдөгү менеджмент" программасы (EdNet, 2018, 2023 ж.), "Физика-математикалык билим берүү (математика, информатика)" программалары (НААР, 2020-ж.), 5 жылдык мөөнөткө лицензияланган.
Жылдан-жылга кафедранын курамы саны, сапаты өсүп, «Мыкты кафедрасы», “Мыкты лектору”, “Мыкты окутуучу”, “Мыкты окутуучу-методист”, “Мыкты сырттан жана дистанттык билим берүүдө билим берүү технологияларын колдоно билген окутуучу”, “Мыкты монография”, “Мыкты окуу-усулдук колдонмо”, “Мыкты окуу программа”, Скопус макалалары ОшМУнун номинацияларынын сыйлыктарын жеңип алган.
Кафедранын студенттери, магистранттары 2022 жж. баштап үч Президенттик стипендияларга, эки Аттуулук, бир К. Аденауэр эл аралык фондунун, бир ОшМУнун окумуушталар кенешинин стипендияларына ээ болуп, “Кыргызстандын мыкты студенти” “КМШнын мыкты студенти”, “Түрк элдеринин мыкты студенти” эл аралык конкурстарынын жеңүүчүлөрү, НААРдын рейтинги боюнча 550200 Физмат билим берүү программасы 2021 ж. баштап жылсайын Кыргызстандын билим берүү программаларынын арасында 1 орунду элеп келет.











