Студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруунун мазмуну, сапаты, формалары, жыйынтыгы жана көзөмөлдөө:
- курстук жана дипломдук иштердин аткарылышы, сапаты, актуалдуулугу;
- студенттик илимий ийримдер, алардын ишинин натыйжалуулугу, жооптуулар,
катышуучулардын саны;
- адистик жана предмет боюнча өткөрүлгөн олимпиадалардын жыйынтыктары;
- студенттердин республикалык, аймактык, эл аралык олимпиадаларга ж.б. илимий
иш-чараларга катышуусу жана жыйынтыктары;
- студенттердин түрдүү илимий долбоорлорго катышуусу, жыйынтыктары;
- өткөрүлгөн студенттик илимий конференциялар, натыйжалуулугу;
- өткөрүлгөн илим жумалыктары жана алардын жыйынтыктары ж.б.
Регионалдык олимпиадага факультеттин окутуучулары тарабынан 2 курама команда (тарыхчы жана тарыхчы эмес) даярдалып катышты. Тарыхчы адистиктер арасында факультеттин 3-курсунун студенти Маманов Муратали (жетекчиси – улук окутуучу С.Арстанов) 1-орунду жеңип алды. Тарыхчы эмес адистиктер арасында Чет тилдер факультетинин 2-курсунун студенти Смадиярова Бегимай (жетекчиси – Ураимов У.) 1-орунду жеңип алды.
“Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга” факультеттен 3 окутуучу, 7 студент атайын баяндамалары менен катышты.