News

Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы
2025-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү, ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунда 23-сентябрь мамлекеттик тилибиздин кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына карата, БББТАТМ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан “Кыргыз тили – улуттук биримдиктин жана руханий жаңылануунун негизи” аттуу эки этаптан турган иш-чара болуп өттү. Биринчи күнү кафедранын доценти К.Ж. Маданова тарабынан студенттер арасында “Сабаттуу жазалы” акциясы өткөрүлүп, ага институттун 2-курстары катышышты. Мында, жат жазуу алынып, алдыңкы сабаттуу жазган студенттерге дипломдор жана белектер берилди. Экинчи күнү ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент М.Шарипованын буйругунун негизинде, окутуучу М. Турдумамат уулунун уюштуруусу менен 7.30да студенттер жана аталган кафедранын окутуучулары тарабынан тил гимни ырдалып, видеолору соцсеттерге жарыяланды. Андан сырткары, саат 13.30да кафедранын улук окутуучусу А.К.Таабалдыева жана доцент К.Ж. Мадановалар тарабынан КРдин тил мыйзамына кирген толуктоолор, өзгөрүүлөр, кыргыз тесттен өтүү үчүн даярдалган субьтесттердин үлгүлөрү, аны тапшыруу жолдорун түшүндүргөн семинар өтүлдү. Ага аталган институттун жалпы жамааты жана студенттер катышышты. Быйылкы жылы институттун жетекчилигинин тапшырмасы менен иш-чара жылдагыдан айырмаланып, практикалык баалуулугу жогору деңгээлде өткөрүлдү.