Эл аралык байланыштар бөлүмү (ЭББ) ОшМУнун тышкы алакаларын тескеген бөлүм болуп саналат.
Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- эл аралык, илимий жана билим берүү органдары менен Ош мамлекеттик университетинин мамилелерин өнүктүрүү;
- чет элдик жана коңушулаш мамлекеттердеги окуу жайлар менен диалог жүргүзүүгө аянтча түзүү.
Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ОшМУнун башка уюмдар, борборлор жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар менен болгон байланышын жүргүзүү жана күчөтүү;
- ОшМУну илимий-изилдөө жана инновациялык жактан өнүктүрүү максатында, чет өлкөлүк билим берүү, илим-изилдөө жана маданий борборлор менен тыгыз байланышта болуу;
- билим берүү жаатындагы тышкы жана ички тажрыйбалар менен таанышуу жана жайылтуу.
Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн негизги иш-чаралары:
- Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелерди өнүктүрүү перспективаларына катышуу;
- эл аралык мамилелер боюнча отчет даярдоо;
- Окумуштуулар Кеңешинин жыйынына, ректорго, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча проректорго эл аралык байланыштар боюнча келген документтер жана материалдар жөнүндө алдын ала маалымдап туруу;
- чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча келишимдерге, макулдашууларга жана башка документтерге кол коюу үчүн даярдануу ;
- жыйынтыктарды талдоо ЖОЖдор аралык кызматташтыкты, алардын ОшМУ менен түзгөн келишимдерин жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө;
- ОшМУнун башка ЖОЖдор менен кызматташтыгын өнүктүрүү, жетектөө отурумдарын уюштуруу, Окумуштуулар Кеңешинин багыты, компетенциялар, проекттер менен иштөө жана аларды ишке ашыруу;
- ОшМУнун эл аралык маалымат базасын түзүүгө катышуу;
- чет өлкөлөрдөгү окуу жайлар менен мамилерди жакшыртуу жана илим, билим берүү ишине катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү;
- эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн окуу бөлүмдөрүнүн иштерине колдоо көрсөтүү;
- МЖӨ тууралуу ой пикир айтуу жана студенттерди эл аралык билим берүү программаларына катышууга кызыктырып, тартуу;
- эл аралык илимий конференцияларды уюштуруу;
- окутуучулардын жана студенттердин илимий иштери жана жетишкендиктери тууралуу эл аралык деңдээлде маалымат берип туруу жана жайылтуу;
- чет өлкөлүк өнөктөштөрдү жылуу тосуп алып, коштоп жүрүү, жана алардын факультеттердеги иштерин тескеп туруу;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатында колдонулуп жаткан мыйзамдарын, билим берүүдөгү ички ченемдерин чет өлкөлүк жарандарга түшүндүрүп берүү;
- тышкы академиялык мобилдүүлүктү ОшМУнун академиялык мобилдүүлүгүнүн жобосуна ылайык уюштуруу жана координациялоо;