Жаштар комитети
Кафедранын окуу-усулдук иштери

Кафедранын окуу-усулдук иштери

Дисциплинанын окуу-усулдук комплекси эмне максатта иштелип чыгат?

  • ДОУК окуу процессин системалуу усулдук камсыз кылуу максатында иштелип чыгат.
  • Дисциплинанын ОУКси адистиктин негизги билим берүү программасынын бөлүгү.
  • НББП факультеттин окумуштуулар кеңешинде бекитилет.
  • Окутуунун натыйжалары жана программанын компетенциялар картасы кафедраларга берилет.
  • Студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга жардам берет.

ДОМКнын түзүмүнүн элементтери

  • Аннотация
  • Дисциплина боюнча окуу программасы
  • Жумушчу программа
  • Силлабус
  • Лекциялык материалдар
  • Практикалык сабактар үчүн материалдар
  • Баалоо каражаттарынын фонду
  • Глоссарий
  • Усулдук көрсөтмөлөр

Кафедранын окуу-усулдук иши

  • Окуу процессин документация менен камсыз кылуу.
  • Окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу.
  • Студенттердин аудиториялык жана өз алдынча иштерин өнүктүрүү.
  • Окутуунун формаларын жана усулдарын жакшыртуу.
  • Окуу-усулдук колдонмолорду даярдоо.
  • Жаңы окутуу технологияларын колдонуу.

Кафедрада колдонулган жаңы технологиялар

  • Компьютердик телекоммуникациялар
  • Мультимедиялык презентациялар
  • Электрондук окуу куралдары
  • Интерактивдик тестирлөө
  • Жеке жана жуптук иштөө
  • Портфолио
  • Проект технологиясы
  • Сынчыл ойлом
  • Оюн технологиялары
© 2026 Кафедранын окуу-усулдук материалдары


Жаштар – коомдук түзүлүш, маданият, социалдаштыруу мыйзам ченеми, учурдагы коомду тарбиялоо менен аныктала турган жаш өзгөчөлүгүнүн, социалдык абалынын жана башка социалдык-психологиялык өзгөчөлүү шарттарынын негизинде өзүнчө бөлүнүп турган социалдык-демографиялык топтордун бири.       “Келечек жаштардын колунда” демекчи, биздин бүгүнкү туура аракеттеги аткарып жаткан жигердүү аракетибиз далил. Бүгүнкү өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүүсүнө болгон салымыбыз - биз жаштар билимибиз менен, патриоттуулук сезимибиз менен албетте анан кызыгуу менен болгон иш аракеттерибиз.       
      Биз жаштар комитети жаштар үчүн интеллектуалдык, маданий-массалык, спорттук жана башка багыттагы ар бир иш чараны максатту уюштуруу милдетиндебиз! Биз менен биргеликте иштешкен ар бир студент позитивдүү ойдогулар. Ошондуктан мындай жигердүү студенттер көп болушуна тилектешмин! Сиздерди терен урматтап,

Тарых факультетинин жаштар комитетинин төрагасы:
Заидов Азирет