Спорт жана маданий иш-чаралар
«Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасы · БиМ Факультети
«Чын ден соолук, таза сессия» — Волейбол
«Чын ден соолук, таза сессия» алкагында өткөрүлгөн волейбол боюнча сынакта кафедранын окутуучулары активдүү катышышып, эжекелер командасы 3-орунду алышты.
Факультеттер аралык шахмат сынагы
18.01.2016 факультеттер арасында болуп өткөн шахмат боюнча сынакта БИЭМдин окутуучулары эки командада да ийгилик жаратышты: эркектер командасы 3-орун, аялдар командасы 1-орунду алышты.
«Окутуучулар обон созгондо» — музыкалык сынак
09.10.2016 факультеттер арасында «Окутуучулар обон созгондо» атту музыкалык сынакта БИЭМ кафедрасынын окутуучулары активдүү катышышты.
«Маалыматташтыруу күнү» — мугалимдер менен студенттердин биргеликте майрамдоосу
25.11.2017 «Маалыматташтыруу күнүнө» арналган мугалимдер менен студенттердин биргеликте майрамдоосу БиМ факультетинде уюштурулду.
«Информатика повсюду» — 1-курс КВН
25.11.2016 26-ноябрь «Маалыматташтыруу күнүнө» карата 1-курс адистиктер арасы «Информатика повсюду» атту КВН уюштурулду.
«Ким маалыматты көп билсе, ал дүйнөнү башкарат» — ЖОЖ аралык КВН
2016-жыл «Тарых жана маданият» жылына карата уюштурулган жогорку окуу жайлар аралык КВН сынагында (ОГПИ, ОшТУ, ОшМУ, ОМСУ) «Бизнес информатика» адистигинин студенттери катышып 3-орунду алышты.
Майрамдык иш-чара — спорттун бир нече түрүнөн ийгилик
19.03.2018 Ош МУнун БиМ факультетинде өткөрүлгөн майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө «Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасынын окутуучулары спорттун бир нече түрүнөн ийгилик жаратып, дипломдор менен сыйланышты.


























