Деятельность кафедры

2025-жылдын 20-ноябрында педагогика, искусство жана журналистика институтунун БББТАТМ кафедрасынын доценти, ф.и.к. Маданова Кызбурак Жапаровна кафедранын иш планында ноябрь айына белгиленген жадыбалдын негизинде, кафедранын окутуучуларына ачык сабак өтүп берди. Аталган сабак адабият таанууга киришүү дисциплинасынан өтүлүп, “Көркөм чыгарманын тилдик каражаттары, троп жана анын түрлөрү” деген темада болду. Сабак, Дл(б)-1-24 тайпасына өтүлгөндүктөн, мектепке чейинки билим берүү адистигине ыкталып, балдарга арналган ырлар, жомоктор ж.б. чыгармалардын троптун түрлөрү боюнча талданды. Андан сырткары, санариптештирүүнү айкалыштырып, FLIPPITY RANDOM, google test ж.б. колдонуу менен сабак өтүлдү.

Доцент К.Ж. Маданова сабакты жогорку чеберчилик менен өткөндүгүн аталган кафедранын башчысы, ф.и.к., доцент Г.Т. Жеенбаев жана окутуучулар билдиришти. Окутуучуга ийгилик каалашты.


2025-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү, ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунда 23-сентябрь мамлекеттик тилибиздин кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына карата, БББТАТМ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан “Кыргыз тили – улуттук биримдиктин жана руханий жаңылануунун негизи” аттуу эки этаптан турган иш-чара болуп өттү. Биринчи күнү кафедранын доценти К.Ж. Маданова тарабынан студенттер арасында “Сабаттуу жазалы” акциясы өткөрүлүп, ага институттун 2-курстары катышышты. Мында, жат жазуу алынып, алдыңкы сабаттуу жазган студенттерге дипломдор жана белектер берилди. Экинчи күнү ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент М.Шарипованын буйругунун негизинде, окутуучу М. Турдумамат уулунун уюштуруусу менен 7.30да студенттер жана аталган кафедранын окутуучулары тарабынан тил гимни ырдалып, видеолору соцсеттерге жарыяланды. Андан сырткары, саат 13.30да кафедранын улук окутуучусу А.К.Таабалдыева жана доцент
К.Ж. Мадановалар тарабынан КРдин тил мыйзамына кирген толуктоолор, өзгөрүүлөр, кыргыз тесттен өтүү үчүн даярдалган субьтесттердин үлгүлөрү, аны тапшыруу жолдорун түшүндүргөн семинар өтүлдү. Ага аталган институттун жалпы жамааты жана студенттер катышышты. Быйылкы жылы институттун жетекчилигинин тапшырмасы менен иш-чара жылдагыдан айырмаланып, практикалык баалуулугу жогору деңгээлде өткөрүлдү.


Улуу жазуучу Ч.Айтматовду эскерүү Ош Мамлекеттик Университетинин педагогика жана дене-тарбия факультетинде 2017-жылдын 11-декабрында улуу жазуучу Ч, Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ырларым менин жан Дуйном» деген темада жаш калемгер журналист Бекмурат Келдибаев менен жолугушуу кечеси өтту. Иш чара БББТАТМ кафедрасы менен биргеликте уюштурулду. Аябай соонун уюштурулган иш чара, студенттерге жакшы маанай тартуулап, залкар жазуучу Ч.Айтматовду эскерүүгө өбөлгө түздү.