Кафедранын өнүгүү программасынын максаттары жана милдеттери
Программанын максаты – региондун жана республиканын, мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп бере ала турган, жогорку квалификациялуу кадрларын даярдоодо Ош мамлекеттик университетинин структуралык бөлүмү катары кафедраны өнүктүрүү. Билим берүүнүн, илим изилдөөнүн, инвестициялардын жана инновациялардын интеграциясынан турган изилдөөлөрдү жүргүзүп, ийгиликке жетүү.
Кафедраны өнүктүрүү программасынын милдеттери:
- Кафедранын кадр потенциалын өнүктүрүү;
- Билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө окутуунун заманбап технологияларын колдонуу;
- Материалдык-техникалык базаны жогорулатуу.
Кафедра тарабынан аткарылуучу иш-чаралар:
- Окутуунун жумушчу программаларынын сапатын жакшыртуу жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу;
- «Мыкты лектор», «Мыкты окутуучу» конкурстарына катышуу;
- Эл аралык конференцияларга макалаларды даярдоо;
- Университеттик жана республикалык конкурстарга катышуу;
- Адистиктерди жандандыруу;
- Олимпиадаларга студенттерди даярдоо;
- Студенттердин өз алдынча жана изилдөө иштерин жандандыруу;
- Интерактивдүү окутуу формаларын колдонуу;
- Баалоо критерийлерин иштеп чыгуу;
- Окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо;
- Ачык сабактардын видео сабактарын түзүү;
- Академиялык мобилдүүлүккө катышуу (Кытай, Турция, Россия);
- Материалдык шарттарды жакшыртуу.
Билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү негизги маселелер:
- Мамлекеттик стандартка ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруу;
- Факультет жана кафедра ортосундагы байланышты күчөтүү;
- Окуу программаларын жана компетенцияларды жаңылоо;
- Кесипке багытталган окуу колдонмолорун иштеп чыгуу.
Илим изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүк:
- Окутуучулук-профессордук курамдын сапатын көтөрүү;
- Студенттерди илим изилдөөгө тартуу;
- Эл аралык журналдарга макалаларды жарыялоо;
- Гранттык жана инвестициялык программаларды иштеп чыгуу;
- Окутуу процессин модернизациялоо.
Тарбиялык иштер
Максаттар:
- Жарандык-патриоттук тарбия берүү;
- Сергек жашоо образын пропагандалоо;
- Профориентациялык иштерди жүргүзүү;
- Куратордук иштерди күчөтүү.
Максаттарды ишке ашыруунун деңгээлдери:
- Жалпы университеттик;
- Факультеттик;
- Кафедралык;
- Тайпалык;
- Индивидуалдык.











