Жекече иш пландарынын толтурулушу
Кафедранын бардык окутуучуларынын жеке иш пландары бар. Жогорку окуу жайларынын талабына ылайык жеке пландар таза жана сапаттуу толтурулган. Окутуучулардын жеке пландары декан тарабынан бекитилген. Окуу жылынын биринчи жана экинчи жарым жылдыктарынын пландары, анын аткарылышы кафедра тарабынан текшерилип, кол коюлат. Окутуучулардын окуу жүктөмү окуу планына ылайык аныкталат, кафедранын жыйынында бекитилет. Анын аткарылышы жылына эки жолу кышкы жана жайкы сессиялардын жыйынтыгында текшерилет. Кафедра окутуучуларынын коомдук милдеттери бөлүштүрүлгөн: Апышова А. К. т.и.к., доцент - Кафедра башчысы Осмонова Б.А. улук окутуучу - Аялдар кеңешинин төрайымы Жумашова Г.С. т.и.к., доцент - Усулдук кеңештин төрайымы Чыныкеева Г.Э.. т.и.к., доцент - Илимий иштер боюнча жоопкер Маманов М.А. окутуучу - Практика боюнча жоопкер. Кафедранын мүчөсү т.и.к., доцент А. Б. Дуйшонбаева факультетте магистратура бөлүмүнө жооптуу.