
1985-1990-жылдары окуу бөлүмүнүн начальниги кызмат ордунда Ильяев А. П. эмгектенген. Ал филологиялык билимге ээ болгондуктан, окуу бөлүмүнүн кагаз иштеринин сапатынын жогорулашына чоң салым кошкон. Кийин КМУУнун Оштогу филиалынын экономика факультетинин деканы болуп иштеген.

2002-2008-жылдары окуу бөлүмүн п.и.к., профессор М. Алтыбаева жетектеген. Ош МУнун түштүк региондо ЖОЖдордун флагманы катары ушул этаптагы өнүгүшүн анын ресурстарынын жогорку көрсөткүчтөрү менен мүнөздөөгө болот. Атап айтканда кафедралардын саны 110го, студенттердин саны 35000 ге, ал даярдаган адистиктердин саны 90 го жеткен,





ОИДде башкы адистер Н. Курбанбаева, А. Бекмуратов, З. Сулайманова, Т. Ибраимов жетектөөчү адистер Н. Камбарова, К. Сатыбалдыева, М. Орозов , А. Абдирасулов, А. Абдыманап уулу, А. Азимов, методисттер Р. Жуматаева, А. Мамажанова, А. Жусупова, С. Орокова, Г. Омурзакова, Э. Суркеева, инженер-программисттер М. Эргешов, А. Оморбаева, катчы-референт Б. Баридин кызы эмгектенишет.