Ош мамлекеттик университети Эл аралык билим берүү программалары колледжинин араб тилчи окутуучулары жана студенттери “Араб тили жумалыгы” аттуу иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында биз менен тыгыз кызматташып келе жаткан “Ясиин” жеке менчик окутуу комплексине барышып, мектеп жамаатына жана окуучуларга студенттер өздөрүнүн өнөрлөрүн, билимин жана даярдаган чакан номерлерин көрсөтүп кайтышты.
























