Кошумча өткөрүлгөн иш-чаралар

      2026-жылдын 8-октябрында Freedom Broker Кыргызстан компаниясы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенттери үчүн «Инвесторго жол» аттуу мастер-класс өткөрүлдү.
      Мастер-класстын жүрүшүндө студенттерге инвестициялоонун негиздери, фондулук рыноктун иштөө принциптери жана капиталды туура башкаруу боюнча маалыматтар берилди. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, инвестициялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана заманбап финансылык рынок тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү.
       Мастер-класстын спикери болуп Freedom Broker Кыргызстан компаниясынын директору Медетбек Назаралиев сөз сүйлөп, студенттерге заманбап финансылык рыноктун өзгөчөлүктөрү жана инвестор болууга карай алгачкы кадамдар тууралуу айтып берди.