Гостевая лекция

Өткөрүлгөн расмий визиттер жана документтер

Дата Иш-чаранын түрү Делегация / Катышуучулар Университет / Уюм Документ
03.10.2025 Расмий чакыруу / Академиялык визит ИМФТИИТ делегациясы (13 адам) Андижан мамлекеттик университети (Өзб.) 03.10.2025 — 01-4080-son
17.10.2025 Эл аралык илимий конференция ОшМУ делегациясы (16 адам) University of Business and Science (Наманган, Өзб.) 17.10.2025 — №01-25/966
Хужжат коди: XW34184707
10.11.2025 Академиялык мобилдүүлүккө расмий макулдук 10 студент Фергана мамлекеттик университети (Өзб.) 10.11.2025 — 11730-son
ЭРИ коди: OD75655584
02–31.10.2025 Квалификацияны жогорулатуу / Академиялык визит 4 окутуучу + 30 студент Фергана мамлекеттик техникалык университети (Өзб.) Расмий чакыруу (ФГТУ)
Студенттер тизмеси тиркемеде
22.11.2025 Академиялык визит / Конок лекция ОшМУ делегациясы (4 адам) Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад колледжи 22.11.2025 — Билдирүү / Буйрук


Конок лекциялардын негизги максаттары

  • Билим берүүнүн мазмунун заманбап талаптарга ылайык актуалдаштыруу
  • Дүйнөлүк илимий ачылыштарды жана инновацияларды окуу процессине интеграциялоо
  • Студенттерге жана окутуучуларга эл аралык деңгээлдеги адистер менен түз байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн берүү
  • Академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу жана илимий кооперация үчүн аянтча түзүү
  • Студенттердин кесиптик ой жүгүртүүсүн кеңейтүү жана практикалык компетенцияларын чыңдоо
  • Институттун эл аралык шериктештик тармагын кеңейтүү жана өнүктүрүү


Киришүү

Конок лекциялар – Математика, физика, техника жана информациалык технологиялар институтунун эл аралык жана межвуздук кызматташтык саясатынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул формат алдыңкы чет өлкөлүк жана республикалык жогорку окуу жайлардан, илимий борборлордон жана тармактык уюмдардан профессор-окутуучуларды, изилдөөчүлөрдү жана практик-адистерди чакыруу аркуля студенттердин жана окутуучулардын академиялык горизонтун кеңейтүүгө багытталган.

Конок лекциялардын негизги максаттары – билим берүүнүн мазмунун актуалдаштыруу, заманбап илимий ачылыштарды жана инновациялык технологияларды окуу процессине интеграциялоо, ошондой эле академиялык мобилдүүлүк жана илимий кооперация үчүн туруктуу аянтча түзүү. Институтта өткөрүлүүчү конок лекциялар студенттерге эл аралык деңгээлдеги адистер менен түз баарлашууга, дүйнөлүк тенденциялар менен таанышууга жана профессионалдык компетенцияларын тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ушул бөлүмдө Институтта уюштурулган жана пландаштырылган конок лекциялар, чакырылган лекторлор жөнүндө маалымат, ошондой эле тиешелүү расмий каттар жана буйруктар жайгаштырылат.