О факультете

      Ош мамлекеттик университетинин Теология факультети Кыргыз Республикасынын руханий, илимий жана маданий өнүгүүсүнө салым кошуу, коомдо диний сабаттуулукту жогорулатуу жана жогорку квалификациялуу теолог адистерди даярдоо максатында 1993-жылы 22-сентябрда ОшМУ жана Туркиянын «Дианет» фондунун ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Теология факультети Борбордук Азия мамлекеттеринде эң алгачкы ачылган факультет болуп эсептелет.

      Теология факультетинин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлүп, Анкара университети менен өз ара кызматташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде «дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасында факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайыкталган диний предметтер жана Кыргызстандын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн предметтер окутулат.Факультет ачылган күндөн тартып окуу-илимий процессти уюштуруу, диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөө багытында иш алып барып келет.Факультеттин окутуучу-профессордук курамын Түркиянын жогорку окуу жайларынан кызматташтык келишимдин негизинде келген жана ОшМУнун тажрыйбалуу окумуштуу-адистери түзөт. Факультетте дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасы иш алып барат. 2012-2013-окуу жылынан тартып эки баскычтуу билим берүүнүн негизинде “Теология” адистиги боюнча кадрларды даярдайт.


Факультет ачылгандан тартып:

Асанов Авазбек Раимжанович,Жоробеков Темир Астаевич, Алиев Асилбек Алиевич, Мырзаибримов Самаган Абдыразакович, Ажимаматов Зайлабидин Касымович, Кадыров Медер Акпаралиевич декандык кызматты аркаласа, 2025-жылдын 20-июнунан тартып азыркы учурга чейин Арипов Ниязалы Турдалиевич талыкпаган зор эмгеги менен декандык кызматты аркалап келе жатат.

Учурда кафедрада 14 окутуучу эмгектенет. Кафедранын окутуучу-профессордук курамы 7 доцент, 1 ага окутуучу жана 6 окутуучудан турат. Алардын ичинен: 6 окутуучу – илимдин доктору(PhD) жана 2 окутуучу - илимдин кандидаты. Факультетте ислам илимдерин терең өздөштүрүү менен катар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана коомдук жоопкерчилигин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Окуу процессинде акыйда, фикх, хадис, тафсир, ислам тарыхы, араб тили, дин философиясы, педагогика, психология жана дин социологиясы сыяктуу сабактар окутулат. Факультеттин материалдык-техникалык базасы заманбап талаптарга жооп берет. Окуу аудиториялары мультимедиялык жабдуулар, интерактивдүү каражаттар, электрондук китепканалар жана интернет ресурстары менен камсыздалган. Студенттер илимий-изилдөө иштерине активдүү катышышат.


Факультеттин миссиясы:

Учурдун талабына ылайык республикабыздын диний агартуу жаатында адистерди жана жогорку билимдүү кадрларды даярдоо, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, диндин жалпы адамзаттык баалуулуктарын эл арасына туура жайылтууга, адамдардын рухий дүйнөсүн байытууга салым кошотурган татыктуу адистерди даярдоо. Ошону менен бирге коомдо ынтымакты, сабырдуулукту, адеп-ахлакты жана өз ара урматтоону бекемдөөгө багытталган руханий тарбияны өнүктүрүү факультеттин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Факультет студенттердин диний билим менен катар дүйнөлүк көз карашын кеңейтүүгө, илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана заманбап коомдогу диний процесстерге туура баа бере алуусуна өзгөчө көңүл бурат.Студенттерге теориялык билим берүү менен катар практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу, илимий-изилдөө иштерине тартуу жана коомдук иштерге активдүү катышуусун камсыз кылуу аркылуу алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.


Факультеттин максаты:

Заманбап билим берүү талаптарына жооп берген, диний жана гуманитардык билимдерди айкалыштыра алган, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү, коомдогу диний процесстерге туура баа бере алган жана мамлекеттин руханий өнүгүшүнө салым кошо турган кесипкөй адистерди даярдоо.


Факультеттин милдеттери:

• студенттерге сапаттуу диний жана гуманитардык билим берүү;

• илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү жана жаш окумуштууларды колдоо;

• студенттердин руханий, адеп-ахлактык жана патриоттук тарбиясына көңүл буруу;

• эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү;

• диний экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

• коом менен тыгыз байланышта болуп, руханий агартуу иш-чараларын уюштуруу.


Академиялык мобилдүүлүк:

1.Анкара Университети Теология факультети ( Түркия )

2.Денизли Памуккале Университети (Түркия )

3.Балыкесир Университети (Түркия)

4.Кыргыз-Түрк Манас Университети (Кыргызстан)

5.Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети (Кыргызстан)

Факультет Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары менен илимий жана билим берүү багытында кызматташып, конок лекцияларды, семинарларды жана эл аралык конференцияларды өткөрүп келет. Айрыкча Түркия жана башка ислам дүйнөсүндөгү окуу жайлар менен болгон байланыштар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.


Факультетти таанытуу видеосу