КОЛЛЕДЖДИН ТАРЫХЫ

И сто р и я



КОЛЛЕДЖДИН ТАРЫХЫ

2020-жылдын 28-февралында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен “ Эл аралык билим берүү программалары колледжи” түзүлгөн.

Жылдар

Окутуучулук

курамдын саны

Студенттердин саны

1

2021-2022

56

800

2

2022-2023

178

1273

3

2023-2024

210

2300

4

2024-2025

190

2300

Учурда колледжде 3 бөлүм иш жүргүзөт. Алар “ Чет тили” бөлүмү, “Котормо иши” бөлүмү,” Коомдук дисциплиналар” бөлүмү. 2024-2025- окуу жылында “Медиалингвистика” адистиги жаңыдан ачылып, бул адистикке алгачкы студенттерди кабыл алуу жүргүзүлдү. Колледж Ош шаарындагы 50 дөн ашуун ишкана-мекемелер менен адистерди даярдоодо, окуу программаларын түзүүдө тыгыз кызматташтык жүргүзүп келет.

Колледжде бардык окуу программалары эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп келүүдө. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окутуучулук курамдын жана окуу сапатын жакшыртуу аракеттеринин үстүндө аракеттер жүрүүдө.

Эл аралык байланыштарды чыңдоо багытында Кытай Эл Республикасы, Түштүк Корея, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен өз ара тыгыз кызматташтык жолго коюлган.