Билим берүүнүн максаттары жана окутуунун натыйжасы
Билим берүүнүн максаттары
М-1: Калкты теологиялык жактан тейлөөнү ишке ашыра алган жана организациялык-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан эксперттик кызматтарды уюштурууга жардам бере алган орто звенодогу квалификациялуу адистерди даярдоо;
М-2: Бүтүрүүчүлөрдүн кызыкдар тараптардын талаптарына ылайык теология жана дин таануу тармагында ийгиликтүү иштешине мүмкүндүк берген жалпы жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү.
Окутуунун натыйжалары
ОН-1: Гуманитардык жана орто кесиптик программадагы теологиялык дисциплиналардын базалык билимдерин билет жана алардын негизги жоболорун колдонуп ишмердүүлүк жүргүзөт. КК-1; КК-9
ОН-2: Окуу процессине жетекчинин астында катышып, заманбап информациялык технологияларды колдонууну билет. ЖК-4; КК-4; КК-5; КК-7; КК-8
ОН-3: Кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө маалыматтарды топтойт жана колдоно алат. ЖК-3; КК-10;
ОН:4: Мамлекеттик, коомдук жана диний баалуулуктарды айкалыштырып кете алат. КК-13; КК-14
ОН:5 Салттуу жана салттуу эмес диний түшүнүктөрдүн айырмачылыгын билет. КК-2; КК-3.
ОН-6: Кесиптик ишмердүүлүгүнө байлагыштуу эксперттик анализдердин натыйжасын колдоно алат. КК-6; КК-11; КК-12.