Кыскача тарыхы
АГНФ кафедрасынын паспорту


ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын кыскача тарыхы Анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасы өз алдынча түзүмдүк бөлүм катары 2018-жылдан бери иш алып барат. Ал ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 30.08.2018-ж. чечиминин (№800 протокол) негизинде, мурдагы ректор Исаков Каныбек Абдуваситовичтин колдоосу менен «Морфологиялык дисциплиналар» кафедрасынан бөлүнүп чыгып түзүлгөн. Өз кезегинде «Морфологиялык дисциплиналар» кафедрасы 2017-жылдын 6-июлунда (№8 протокол) «Фундаменталдык теориялык жана клиникалык дисциплиналар» кафедрасынан бөлүнүп түзүлгөн. Ал кафедра 2015-жылдын 29-августунда негизделген. Кафедранын биринчи башчысы болуп медицина илимдеринин кандидаты, «Адам анатомиясы» адистиги боюнча доцент Сакибаев Кыялбек Шерикбаевич дайындалган. Ал кафедранын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң эмгек сиңирип, 2021-жылдын сентябрына чейин жетектеген. Бул мезгилде кафедранын илимий ишмердүүлүгү «Кыргызстандын заманбап шарттарында конституционалдык, этностук, гендердик жана курактык факторлорду эске алуу менен балдардын жана чоңдордун физикалык абалын баалоо» темасынын алкагында жүргүзүлгөн. 2021-жылдын октябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин кафедраны медицина илимдеринин кандидаты, «Адам анатомиясы» адистиги боюнча доцент, көптөгөн илимий эмгектердин автору Джолдубаев Сагынбек Джаркынбаевич жетектеп келет. Анын жетекчилиги астында кафедранын материалдык-техникалык базасы кыйла чыңдалып, жаңыланып, окуу-илимий музей-лабораториясы өнүктүрүлдү. Окуу-усулдук иштерди өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү активдүү өнүгүүдө. Азыркы учурда кафедра «Кыргызстандын орто тоолуу шаар агломерациясында жашаган нерезидент жаштардын адаптациясынын анатомо-антропологиялык параметрлеринин өз ара байланышы жана динамикасы» темасы боюнча иш алып барууда.