31.08.2021-ж. ОшМУнун морфологиялык илимий-лабораториялык комплекси ачылды.
06.09.2022-ж. Т.Р.Пайзилдаев англис тилин билүү TOEFL тестинен жогорку көрсөткүч менен өттү.
09.09.2022-ж. ОшМУнун жетекчилиги 2 анатомиялык 3D-стол бөлүп берди.
12.09.2023-ж. ОшМУнун жетекчилигинин колдоосу менен АГНФ кафедрасына караштуу гистологиялык лаборатория уюштурулган.
27.06.2024-ж. ОшМУнун финансылык колдоосу менен кафедранын окутуучулары У.Ашимов жана Орозбек у.Т. англис тилин билүүсү боюнча тесттен ийгиликтүү өтүштү.
18.10.2024-ж. ОшМУнун финансылык колдоосу менен улук окутуучу Т.Р.Пайзилдаев англис тили боюнча эл аралык TOEIC L&R экзаменин ийгиликтүү тапшырды.
20.11.2024-ж. КРнын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен Ташматова Назгүлгө "Биология" адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилди.
18.11.2025-ж. З.Ж.Тойчиева, К.З.Максимова жана А.Алимбекова ОшМУнун финансылык колдоосу менен TOEIC R&L сертификаттарына ээ болушту.
Декабрь, 2025-ж. АГНФ кафедрасынын айкалыштыруучу доцент Т.С.Абаева кафедранын окутуучусу З.Тойчиева менен биргеликте "Гистологиялык изилдөөлөр үчүн микроваскулярдык импрегнация ыкмасы" методуна патент алды.
Март, 2026-ж. АГНФ кафедрасынын доценти Т.С.Абаевага медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы ыйгарылды.
12.06.2026-ж. PhD-докторант Т.Р.Пайзилдаев диссертациялык ишин ийгиликтүү жактады.











