Кыскача тарыхы:
Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасы 2020- жылдын 26-августунда ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековдун №65-ФХД буйругу менен түзүлгөн. Учурда 29 профессордук-окутуучулук курам эмгектенет: 4 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты, 3 улук окутуучу, 11 окутуучу, 4 ассистент-стажер, 1 методист, 2 лаборант.
Кафедраны 2020-жылдан 2024-жылга чейин ф.-м.и.к., доцент Азимов Бектур Абдырахманович жетектеп келген. 2024-жылдан бери техн.и.к., доцент Жолдошов Толкунбек Мамытович жетектеп келе жатат. Жаңы технология, жаңы программаларды өздөштүрүү, заман менен бирге өнүгүү максатында окутуучулар ишемби күндөрдү семинарларды уюштуруп, билим жана тажрыйба алмашышат.
Учурда кафедрада: «Колдонмо математика жана информатика» багыты боюнча бакалавр, магистратура жана PhD программалары, “BIG Data аналитик” профили боюнча бакалавр программасы, “Дизайн” багытынын “Графикалык дизайн” профили боюнча бакалавр программалары ишке ашырылып жатат. Студенттердин саны боюнча: күндүзгү бөлүмдө 495, сырткы бөлүмдө 258 студент, ал эми магистратурада 33 магистр, 25 PhD докторант билим алып жатат.
М.В. Ломоносов атындагы МГУ менен КМИ адистиги магистратура багытында кош дипломдуулук программасын ишке ашырат. It тармагында билим алууну каалаган, жаштар үчүн “BIG Data analytics” адистигин ачылган жана аталган адистиктин студенттери Кытай Эл Республикасынын Нанкин технологиялык институту менен кош дипломдуулук программасын ишке ашырып келе жатат. Кафедранын илимий изилдөө иши жөнгө коюлуп учурда 3 илимий лабораторияда окутуучулар, докторанттар жана магистрлер изилдөө иштерин алып барышат. Ар ай сайын илимий семинар жана окуу-усулдук семинарлар өткөрүлүп келет.
2022-жылдын апрель айынан баштап кафедра тарабынан “Stud Expo” аталышындагы түштүк регионундагы окуучулар жана студенттер аралык программалык ачылыштар боюнча конкурс уюштуруп, учурда Эл аралык деңгээлде ийгиликүү улантылып жатат.
Эмгек менен бирге кафедранын жамааты Сары-Челек, Арсланбап, Кара-Кой, Кара-Камыш, Саламалик өңдү кооз жерлерге барып, жаратылыш койнунда эс алып келүүнү адатка айландырган.











