6-апрель "Эл аралык спорт
күнүнө" карата STEM инновациялык колледжинде сергек жашоого, спортко
үгүттөгөн куратордук саат өткөрүлдү.
"Спорт - дүйнөнү өзгөртүү касиетине ээ. Спорттун төмөндөгү
баалуулуктары:
- командалык дух
- адилеттүүлүк
- тартип
- душманга урмат
- оюндун эрежелерине болгон урмат.
Спортко болгон кызыгуу- сабакты жакшы окуганга, окууда чоң ийгиликтерге
жетишкенге өбөлгө түзөт", - деп колледждин директору студенттерге каалоо
айтты.
19-ноябрь STEM инновациялык колледжинде эл
аралык студенттер күнүнө карата “Студенттикке кабыл алуу” салтанаттуу иш-чарасы
болуп өттү. Бүтүрүүчү курстар 1-курстун студенттерин куттуктап концерттик
программасын тартуулашты.
28-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинде
студенттерди эмгекке үйрөттүү жана айлана чөйрөнү тазалоо максатында ишембилик
болуп өттү. Ишембиликте колледждин ичи жана Кыргыз телекомдун айланасы STEM
инновациялык колледжинин студенттери тарабынан тазаланды.
23-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин "Директордун кубогу" деп аталган колледжибиздин студенттер арасында волейбол жана футбол боюнча турнир болуп өттү.
Волейбол боюнча адистиктер аралык жарышта: 1-орун Торат, 2-орун ВТс, 3-орун ПГс балдар курама командалары ээ болушуп, грамота жана белектер менен сыйланышты. Футбол боюнча адистиктер аралык балдар курама командалардын ичинен 1-орун ВТс, 2-орун ЭТАЭ, 3-орун ТМс командалары ээ болуп, грамота жана сыйлыктар менен сыйланышты. Андан сырткары мыкты оюнчулар алыкталып Мыкты коргоочу: Эсеналиев Сыймык ЭТЭА9-1-20
Мыкты бомбардир:
Матисаев Мерислам
ТМс9-1-20
Мыкты оюнчу:
Чоноев Бекболот
ВТс1-21
Мыкты оюнчу волейбол:
Доорбек уулу Нурболот
Торат-9-2-19 аныкталып баалуу белектер менен сыйланышты. Оюн абдан кызыктуу болуп, командалардан мыкты оюнчулар тандалып, колледждин курама командасы түзүлдү.
22-сентябрь күнү STEM
инновациялык колледжинде (КГАМТ циклынын) жалпы окутуучулардын жана аталган
окуу жайдын жетекчиси ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовнанын
демилгеси менен таланттуу студенттердин катышуусунда эгемендүүлүктүн 30
жылдыгына Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул
иш-чарада STEM инновациялык колледжинин 1-курстун студенти ПГс-1-21 (Нуралы
уулу Өмүрдүн аткаруусунда “ Саранжим Ботой”) аттуу кыргыз күүсүн белгилей
кетсек болот. Бул иш-чараны аткаруу менен Эгемендүү Кыргызстандын жаштарын
патриоттуулукка, Элин-жерин, тилин урматтоого болгон мамилесин дагыда терең
сүйүүгө жана билимдерин өркүндөтүүгө шыктандырат.
Кыргыз Республикасында өткөрүлүп
жаткан "Тазалыктын дүйнөлүк күнү" экологиялык акциясынын негизинде Ош
мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжи 2021-жылдын 18-сентябрда
Ош шаарында өткөрүлүп жаткан ишембиликке катышты.
Колледжге бөлүнгөн Курманжан Датка көчөсү
Алай мейманканасынан Арстанкулов көчөсүнө чейинки жолдун оң тарабынын арыктары
тазаланды.