КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
СОЦИАЛДЫК ЖАНА ТАРБИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ
«БЕКИТЕМИН» «МАКУЛДАШЫЛДЫ»
ОшМУнун ректору, Ош МУнун социалдык жана тарбия
профессор К.Г. Кожобеков департаментинин директору Ж.Артыкова
_______________________ __________________________
24-сентябрь, 2020-жыл 24-сентябрь, 2020-жыл
Ош мамлекеттик университетинин 2020-2021-окуу жылы үчүн түзүлгөн жаштар комитетинин иш планы
Бул иш план 2020-2021-окуу жылы ичиндеги Ош мамлекеттик университетинде жаштар комитетининде аткарылуучу иш аракеттердин тартибин аныктап турат.
Ош - 2020
Жаштар комитетинин иш-аракеттери Ош МУнун 2019-2024-жылдарында өнүктүрүү концепциясынын VII стратегиялык багытына ылайык жүргүзүлөт.
VII. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ
Адамгерчилик жана руханий тарбия, ден соолук жана спорт
Стратеги ялык максаттар |
Милдеттер |
1.ОшМУ – ж арандык билим бер үү жана руханий патриоттулукка тарбиялоо борбору
|
1.1 Жаштарда патриоттуулукту, жарандык жоопкерчиликти, руханий маданиятты улуттук таалим тарбияны, салттуулукту сактоо сезимдерин калыптандыруу. Жаштардын эл аралык, коомдук жана башка уюмдары менен кызматташуу. · Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын пропагандалоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин өткөрүү жана уюштуруу. · «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» жоболорун ишке ашыруу максатында факультеттерде жана студенттик жатаканаларда түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана өткөрүү. · Жарандык жоопкерчиликти жана патриоттуулукту, улуттар аралык ынтымакты жана элдердин достугун өнүктүрүү максатында улуттук борборлордун белгилүү өкүлдөрү, эмгектин, согуштун ардагерлери, коомдук, мамлекеттик ишмерлер менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү. · КРдин Эгемендүүлүк майрамы күнүн, Билим күнүн, Мамлекеттик тил күнүн, Мекенди коргоочулар күнүн, Энелер майрамын,КРдин Конституция күнүн, Жеңиш күнүн, КРдин мамлекеттик символикаларынын күндөрүн ж.б. арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү |
1.2 Жаштарды маданий-эстетикалык жактан тарбиялоо · Илимдин жана искусствонун ишмерлери, жазуучулар менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү. · Студенттердин маданий иш-чараларын, ж.б. уюштуруу. · Университеттик, шаардык, республикалык жана эл аралык өздүк көркөм чыгармачылык конкурстарга катышуу. |
|
1.3 Дене тарбия жана дени-сак жашоо образын калыптандыруу. · Студенттер арасында Спартакиаларды өткөрүү · «Үй-бүлө курууга карата» лекцияларды студенттер үчүн уюштуруу жана өткөрүү; · СПИД, туберкулез,наркомания, алкоголизм, ж.б. көйгөйлөр боюнча атайын врач жана тиешелүү адистер менен баарлашуу, лекция, кечелерди студенттер арасында уюштуруу жана өткөрүү. · Шаардык жана республикалык, эл аралык спартакиадаларга катышуу |
|
1.4 ОшМУнун “Системдүү корруцияны демонтаждоо” боюнча деталдуу планына ылайык коррупциялык кылмыштарды кабыл албоо атмосферасын калыптандыруу · Ички иштер орган кызматкерлеринин катышуусунда студенттик жаштардын арасында укук бузууларды профилактикалык жана эскертүү иш-чаралары · Руханий-нравалык жана улуттук баалуулуктар жөнүндө илимий-документалдык фильмдерди демонстрациялоо жана лекцияларды уюштуруу · «Таза сессия» акциясын уюштуруу жана өткөрүү · Саясат таануучулар, коомдук ишмерлер, диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен диний экстремизм жана терроризм темасында талкуу, жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү. |
|
2.Студенттик өзүн-өзү башкаруу институтун өнүктүрүү |
2.1 Студенттик чыгармачылык топторду, клубдарды жана уюмдарды колдоо · Болон процесси боюнча студенттик Бюросунун иши
· Шаардык, республикалык иш чараларга, акцияларга, конкурстарга катышуу. · Университеттин жаштар уюмдары жана жаштар саясаты жөнүндө маалымат буклеттерин, брошюраларын, журналдарын басмадан чыгаруу жана таркатуу. республикалык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу |
2.2 Жаштар саясаты боюнча мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн долбоорлорго жана тендерлерге катышуу. · Жаңы долбоорлор жана сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу. · Социалдык өнөктөштүк боюнча программаларды иштеп чыгуу. · ОшМУнун студенттеринин корпоративдик маданиятынын кодексин иштеп чыгуу. |
|
3.ОшМУнун ишмердүүлүгүн коомчулукка кеңири жеткирүү аркылуу аброюн көтөрүү. |
3.1. Университеттин маалымат порталын модернизациялоо |
3.2. Университеттин артыкчылыктарын, өзгөчөлүктөрүн, күчтүү жактарын коомчулукка жеткирүү. ТВ, радио, газета, журнал, онлайн ресурстар, ютуб каналы ж.б. заманбап жолдор аркылуу |
|
3.3. Университеттин ишин республикалык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу |
2020-2021-окуу жылы учун тузулгон
ИШ ПЛАН
1. Уюштуруу жана маалымдоо багытындагы иштер
№ |
Иш чаралар |
Аткаруу мөөнөтү |
Жооптуулар |
Эскертүү |
1. |
Университеттеги турдуу багыттардагы иш-чараларга, комиссияларга катышуу |
Жумуш убагында |
Жаштар комитети |
|
2. |
ОшМУнун жаштар комитетинин жылдык иш планын иштеп чыгуу жана тиешелүү структураларга таратуу |
14-сентябрга чейин |
Жаштар комитети |
|
3. |
Факультеттин жаштар комитетинин төрага-төрайымдарынын иш планы менен таанышып чыгуу жана бекитүү |
Сентябрь айында |
Жаштар комитети |
|
4. |
Жаштар комитетинин жыйынын уюштуруу |
Ар бир айда 2 жолу |
Жаштар комитети |
|
5. |
Жаштар комитенин алдындагы сектор башчыларын дайындоо жана иш-аракеттерин көзөмөлдөө, жандандыруу |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
6. |
Ректордун студенттик актив менен жолугушуусу |
окуу жылы ичинде эки жолу |
Жаштар комитети |
|
7. |
Айрым категориядагы студенттерге контракттык төлөмдөн женилдик берүү боюнча комиссиянын ишин уюштуруу |
сентябрь айы ичи |
комиссия |
|
8. |
Жаштар комитинин жылдык, жарым жылдык отчетторун жыгаруу жана ММКларга жарыялоо |
Декбарь, май айлары |
Жаштар комитети |
|
9. |
Ош МУнун сайтындагы маалыматтарды узгултуксуз жанылоо, жандандыруу. |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
10. |
Мамлекеттик бийлик органдары, коомдук уюмдар, сырткы өнөктөштөр, башка ЖОЖдор, ММКлар менен жаштар саясатын жүргүзүү боюнча кызматташууну уюштуруу |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
2. Окуу, кесипке багыт берүү боюнча иштер
№ |
Иш чаралар |
Аткаруу мөөнөтү |
Жооптуулар |
Эскертүү |
1. |
Факультеттерде окуу секторлору тарабынан тайпалык журналдардын текшерилүүсүн координациялоо, 60 саат себепсиз сабакты калтырган студенттердин тизмесин тактоо жана аларды деканатка, тарбия департаментине, ОИДге билдирип туруу |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
2. |
Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын тактоо жана алардын сүрөттөрүн ардак тактага жайгаштыруу |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
3. |
Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын сыйлыктарга көрсөтүү |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
4. |
Илимий макалаларды, курстук иштерди, рефераттарды, дипломдук иштерди жазуудагы коюлуучу талаптар жөнүндө студенттерге дубал гезиттер, семинар, тренинг, бюллетендер аркылуу маалымат берүү |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
5. |
Илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу |
Айына 1 жолу |
Жаштар комитети |
|
6. |
Акыл таймаштарды уюштуруу |
Айына 1 жолу |
Жаштар комитети |
3. Маданий эстетикалык тарбия жана студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүү багытындагы иштер
№ |
Иш чаралар |
Аткаруу мөөнөтү |
Жооптуулар |
Эскертүү |
1. |
Студент-жаштардын маданий эс алуусу үчүн фестивалдар, конкурстар, викториналарды (Ретордук бал, «ОшМУ мырзасы», «ОшМУ периси», таланттуулардын фестивалы ж.б.) уюштуруу |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
2. |
Даталуу күндөргө (Мамлекеттик тил күнү, Мугалимдердин күнү, Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү ж.б.) карата студенттик майрамдык кечелерди уюштуруу; |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
3. |
Студенттер үчүн башкы имаратта жана жатаканаларда бий кечелерин уюштуруу |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
|
4. |
Факультеттерде студенттик сынак-фестивалдардын, кечелердин мезгилдүү уюштурулушун координациялоо |
Жыл ичинде |
Жаштар комитети |
Ош МУнун жаштар
комитетинин төрагасынын м.а.: Бектурсун Орозали уулу