Жаштар кеңеши
Студенттик биримдик - биздин күчүбүз!

       Студенттик кеңеш университеттин расмий студенттик өз алдынча башкаруу органы болуп саналат. Ал студенттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирет жана коргойт.
     Студенттик кеңештин курамына бардык факультеттерден жана окуу багыттарынан өкүлдөр кирет. Кеңештин ишмердүүлүгү студенттердин демилгесин өнүктүрүүгө жана университеттин жашоосуна активдүү катышууга багытталган.
      Студенттик кеңеш университеттин администрациясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү менен билим берүү жана тарбия иштери боюнча өз ара аракеттенет.
Кеңеш окуу-тарбия процессин жана окуудан тышкаркы иштерди жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет. Студенттердин лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, социалдык жоопкерчиликке, жарандык активдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулат.
Студенттик кеңеш студенттердин маданий, илимий жана социалдык долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Кеңештин иши мыйзамдуулук, ачыктык жана коллегиялуулук принциптерине негизделет. Студенттик кеңеш университеттин жамаатын башкаруу жана өнүктүрүү системасынын маанилүү элементи болуп саналат.

 Урматтоо менен,
МФТИТ институтунун студенттик кеңешинин төрагасы
Талипов Абдуллажон Нуралиевич.