«Ош МУ мырзасы» жигиттер сынагынын жобосу
I . Жалпы жобо
Сынактын максаты жана милдети
Ä ОшМУнун студент-мырзаларынын арасынан мыкты мырзаны тандап алуу;
Ä Жалпы студенттерге мырзалыктын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүү;
Ä Студент-мырзалардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу;
Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;
Ä Студент-жаштардын эстетикалык табитин арттыруу;
Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;
Ä Таланттуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүү;
Ä Студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо.
II . Сынактын катышуучулары
Катышуучуларга коюлуучу талаптар:
Ä Сынакка таланттуу, ички жан дүйнөсү бай, интеллектуал жигиттер катыша алат;
Ä Бою 170 см. ден жогору болуусу зарыл;
Ä Портфолиосун (өзү жөнүндө маалымат, сүрөттөрү, сыйлыктары) белгиленген убакытка чейин тапшыруусу зарыл;
Ä Бойдок болуусу керек.
III . Талапкерлерди каттоо жана сынакты өткөрүүнүн тартиби
Ä Катышуучулардын портфолиосу уюштуруу тобуна белгиленген мөөнөттөн үч күн мурда берилет;
Ä Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;
Ä Сынак кыргыз жана орус тилинде өтөт;
Ä Балуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет;
Сынакты өткөрүүнүн тартиби (программа):
I тур. «Саламдашуу»- катышуучулар улуттук кийимде чыгып, кыргыз же орус тилдеринде өз чыгармачылыгы (фантазиясы) менен өзү жөнүндө, туулган жерин, Мекенин, окуган окуу жайын даңазалоо менен саламдашат (3мүнөт); (Саламдашуунун оригиналдуулугуна, чыгармачылдыгына, маданияттуулугуна жана көркөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат о.э. ушул критерийлер сынактын башка шарттарында (турларында) да эске алынат);
II тур. «Интеллектуал мырза» - катышуучулар уюштуруу тобу тарабынан даярдалган суроолорго жооп беришет. Суроолор:
1) Кыргызстандын тарыхы, салт-саанасы, идеологиясы жана бүгүнкү күндөгү саясаты жөнүндө;
2) Кырдаалдан чыгуучу, мырзалык сапаттарды аныктоочу суроолор берилет.
III тур. «Күч сыноо» - катышуучулар 16 кг. салмактагы гирди эң көп көтөрүү менен өз күчтөрүн сынашат;
IV тур. «Жигит сүйүүсү» - ар бир жигит кызга болгон сүйүүсүн мырзалык (жентельмендик) сапатта романтикалуу билдирет (сценка) 5 мүнөт;
V тур. «Таланттуу мырза» - ар бир катышуучу өз өнөрлөрүн тартуулашат: ыр, бий же музыкалык аспапта ойноо, ж.б.у.с. (фонограммага тыюу салынат, минусовкада ырдаганга уруксат берилет) 4 мүнөт;
Эскертүү: Калыстар тобу катышуучулардын портфолиосундагы өзү жөнүндө берген маалыматтарды, фотосүрөттөрдү жана сынактардан алган сыйлыктарын карап чыгып сынактын жыйынтыгын чыгарууда эске алышат.
IV . Уюштуруу тобу
Уюштуруу тобунун милдеттери жана укутары:
Ä Иш чараларды конкурстун жадыбалы боюнча уюштуруу;
Ä Калыстар тобунун курамын бекитүү;
Ä Конкурстун өтүлүшү боюнча массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;
Ä Конкурстун шарттарына кайдыгер караган жана тийешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;
Ä Шартка байланыштуу зарыл учурларда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.
V . Калыстар тобу
Ä Калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;
Ä Калыстар тобунун мүчөлүгүнө ыйгарылуучу номинациялар боюнча профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат;
Ä Калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.
VI . Ыйгарылуучу номинациялар
Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылат:
Ä «Ош МУ мырзасы»;
Ä «ОшМУнун интеллектуал мырзасы»;
Ä «ОшМУнун таланттуу мырзасы»;
Ä «ОшМУнун күчтүү мырзасы»
VI. Сынактын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы
«ОшМУ мырзасы» сынагы ***** -жылдын ***** күнү саат ***** ОУДТда өткөрүлөт.
Эскертүү:
а) Сынакка катышууну каалагандар ***** чейин уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш
б) Сынактын шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу (регламентти сактоо)
в) Сынак учурунда атааңдаштарынын дарегине шек келтирбөө.
Уюштуру тобу:
ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети;
Байланыш дареги:
ОшМУнун башкы имараты, 120-кабинет (ЧАЗ), тел.:2-25-26, 2-26-33.