ОшМУнун дебат клубдарынын арасында Парламенттик пикир айтыш мелдешинин программасы
Мелдештин максаты жана милдети:
- студент жаштарды саясий, укуктук жактан тарбиялоо;
- факультеттер арасындагы достук мамилени чыңдоо жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик жаштар саясаттынын өнүгүшүнө салым кошуу;
- студент жаштардын маданий, интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө салым кошуу;
- студенттердин өз оюн ынанымдуу, так, туура, эркин айтууга тарбиялоо;
- жаштарга тиешелүү болгон ар кандай проблемаларды көтөрүп чыгууга, анализ жасоого, чечүүнүн жолдорун издөөгө тарбиялоо.
Парламенттик пикир айтыш мелдешинин болжолдуу темалары:
«Мамлекет – Жаштар - ЖОЖ»
1. Бул палата КР жаштары өлкөнүн экономикасын өнүктүрө алат деп эсептейт;
2. Бул палата КР жаштары мамлекеттин ЖОЖдордун менчиктештирүүсүнө каршы реалдуу кадамдарды жасайт;
3. Бул палата жаштар ЖОЖдордогу паракорлукту (коррупцияны) өздөрү өнүктүрөт деп эсептейт;
4. Бул палата мамлекет жаштардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн кам көрөт деп эсептейт;
5. Бул палата өлкөдөгү ЖОЖдорду реформалоону сунуш кылат;
6. Бул палата жаштардын жумушсуздук проблемасын чечүү үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгат;
7. Бул палата мамлекеттик жаштар саясатынын приоритетүү багыттарын иштеп чыгат;
8. Бул палата жаштар ЖОЖдордогу бюджеттик ачык айкындуулукту колдойт деп эсептешет;
9. Бул палата жаштар үчүн жаңы кадрдык саясат механизмин иштеп чыгат;
10. Бул палата мамлекет жаштардын жогорку билим алуусу үчүн стандартка төп келген план, программа иштеп чыгат.
Мелдешти өткөрүү тартиби:
**** (бейшемби), (өткөрүү жайы)
Убакыты |
Иш чаранын аталышы |
Эскертүү |
9:00-9:30 |
Командаларды каттоо |
|
9:30-10:00 |
Мелдештин ачылышы |
|
10:00-11:00 |
Командаларды бөлүштүрүү, судьялардын жыйналышы, 1-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу |
|
11:00-12:00 |
1- раунд |
|
12:00-13:00 |
Түшкү тамактануу |
|
13:00-13:30 |
2-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу |
|
13:30-14:30 |
2-раунд |
|
14:30-15:00 |
3-раунддун темасын жарыялоо жана ага даярдануу |
|
15:00-16:00 |
3- раунд |
**** (жума), (өткөрүү жайы)
Убакыты |
Иш чаранын аталышы |
Эскертүү |
9:00-9:30 |
Командалардын жыйналышы |
|
9:30-10:00 |
1-4 финалга чыккан командаларды жарыялоо, судьялардын жыйналышы, ¼ финалдын темасын жарыялоо жана ага даярдануу |
|
10:00-11:00 |
1-4 финал |
|
11:00-12:00 |
Жарым финалга чыккан командаларды жарыялоо, теманы белгилөө |
|
12:00-13:00 |
Жарым финал |
|
13:00-13:30 |
Түшкү тамактануу |
|
13:30-14:30 |
финалга чыккан командаларды жарыялоо, теманы белгилөө |
|
14:30-15:00 |
Финал |
|
15:00-16:00 |
Сыйлыктарды тапшыруу аземи |
Катышуучу командалар (мисалы) :
I тайпа |
II тайпа |
III тайпа |
IV тайпа |
Математика жана информац-к технология-р факультети |
Физика-техника факультети |
Медицина факультети |
Финансы-юридикалык колледжи |
Чет тилдер жана эл аралык мамилелер факультети |
Табият таануу жана география факультети |
Кыргыз филологиясы факультети |
Бизнес жана менеджмент факультети |
Теология факультети |
Орус филологиясы факультети |
Тарых-юридика факультети |
Педагогика жана искусство факультети |
Сыйлыктардын аталыштары:
· I даражадагы диплом жана кубок (2 баалуу китеп жана акчалай сыйлык );
· II даражадагы диплом ( 2 баалуу китеп жана акчалай сыйлык );
· III даражадагы диплом (2 китеп жана акчалай сыйлык);
- «Эң мыкты спикер» номинациясы (I, II, III орунга кызыктыруучу сыйлыктар);
- «Эң мыкты судья» номинациясы (I, II, III орунга кызыктыруучу сыйлыктар);