Факультет жөнүндө
ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультети тууралуу жалпы маалымат
Жалпы маалымат
ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультети 2018-жылдын 25-майындагы Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомуна жана университеттин ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругуна ылайык ачылган. Факультетти саясий илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Козукулов жетектейт.
Кыргыз-Түрк факультетинде билим берүү процесси Түркиянын Кастамону жана Sivas Cumhuriyet сыяктуу белгилүү университеттери менен биргеликте түзүлгөн окуу пландарынын жана алмашуу программаларынын алкагында жүргүзүлөт.
Факультеттин башкы максаты — заманбап университеттердин моделин жана таалим-тарбия берүүнүн алдыңкы стандарттарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына үлгү боло турган системаны түзүү жана дүйнөлүк интеграция процессинде алдыңкы катарда болуу.
Факультеттин миссиясы
Кыргыз-Түрк факультети адам укугун урматтаган, руханий баалуулуктарды туу туткан, акыл-эстүү, адептүү, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл, заманбап маалыматтык технологияларды өздөштүргөн, улуттук нарк-насилди барктаган, ар кандай маселеге сын көз менен караган, демократиялык баалуулуктарды аздектеген, эркин ой жүгүрткөн жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо ала турган адистерди даярдоону өзүнүн негизги миссиясы катары эсептейт.
Илимий-педагогикалык курам
Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы илимдин ар түрдүү багыттары боюнча билим берүү, илимий изилдөө жана чыгармачылык иштерин жүргүзүп келет. Алар магистратурада, PhD-докторантурада жана аспирантурада билим алышат.
Факультетте 7 илимдин кандидаты, доценттер, 2 PhD доктору, 2 ага окутуучу, 4 изденүүчү-окутуучу жана 18 окутуучу эмгектенет. Мындан тышкары, Кыргызстан Коммуникаторлор Ассоциациясынын 2 мүчөсү да эмгектенет.
Окутуучулар жана студенттер илимий семинарларга, тренингдерге, конференцияларга, симпозиумдарга, фестивалдарга жана конкурстарга активдүү катышып, Түркия, Испания, Россия, Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн кесиптештери менен тажрыйба алмашып келишет.
Материалдык-техникалык база жана эл аралык байланыштар
- Окуу предметтери боюнча окуу-методикалык материалдардын электрондук варианттары даярдалып, факультеттин сайтына жүктөлгөн.
- Реклама жана коомчулук менен байланыш, журналистика багытындагы студенттер үчүн ОшМУнун Медиа борборунун окуу лабораториясы колдонулат.
- Туризм багыты боюнча студенттер үчүн Ош шаарындагы мейманканалар практикалык сабактарды өтүүчү лаборатория катары пайдаланылат.
- Окуу процессинде интернет тармагына туташкан атайын компьютердик лаборатория колдонулат.
- Факультетте рейтингдик-модулдук система киргизилген.
- Компьютердик борбор, мультимедиялык класс, видеопроектор, китепкана жана электрондук китепкана бар.
Мүмкүнчүлүктөр жана өзгөчөлүктөр
- Эл аралык стандарт боюнча окутуу;
- Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик дипломдорун алуу мүмкүнчүлүгү (кош диплом);
- Эки мамлекетте тең адистик боюнча иштөө мүмкүнчүлүгү;
- Түркиядан келген окутуучулар аркылуу түрк тилин терең үйрөнүү;
- Кыргызстандык жана түрк окутуучулардан сапаттуу билим алуу;
- Түркияда магистратурада жана докторантурада окуу мүмкүнчүлүгү;
- Ийгиликтүү окуган студенттер үчүн стипендия алуу мүмкүнчүлүгү;
- MEVLANA, ERASMUS+ жана башка эл аралык программалар аркылуу чет өлкөлөрдө билим алуу жана тажрыйба топтоо;
- Кошумча чет тилдерин өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү;
- Илимий долбоорлорго жана эл аралык конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүгү;
- Коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгү;
- Студенттик клубдарды түзүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү.
Даярдалуучу багыттар
- Экономика
- PR-менеджмент (журналистика)
- Компьютердик инженерия
- Туризм
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
- Филологиялык билим берүү (түрк тили жана адабияты)











