Окуу-методикалык иштер

26-мартта Россия-Евразия бөлүмүнүн "Аймак таануу" программасында доцент Д.А.Акматова " Окутуунун заманбап усулдарды, чет тилдерди өздөштүрүүдөгү айрым усулдар" деген темада усулдук семинар өттү.


Аймак таануу адистигинин 1-курстарына "Төл жана бөтөн сөз", " Конок күтүү адеби" деген темада ачык сабакты улук окутуучу А.А.Парпиева өттү.



График методического семинара (2023-2024)
График методического семинара (2022-2023)
График методического семинара (2021-2022)
График открытых уроков 2023-2024
График открытых уроков 2022-2023
Методика написания научной статьи
План-конспект открытого занятия
План конспекта открытого урока


2024-жыл 1-мартта ЭАББПЖМнын Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн улук окутуучусу Амантур Култаев "Кытай-жапон мамилелери" деген темада РВ(б)-1-20 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакта 7(жети) окутуучу катышты жана анализ берилди. Сабак көрсөтмөлүү жана план иштелмесине так дал келет. Интерактивдүү доска жана таратмалар менен иштелди. Окутуучу коюлган максаттарга Жана күтүлүүчү натыйжаларга жетише алды.


2024-жылдын 19-февралында ЭАББПЖМнын Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн улук окутуучусу Р.Б. Бабакулова "Методика написания научной статьи" деген темада РВ(б)-1-21 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакка окутуучулар катышты жана анализ берилди. Сабак көрсөтмөлүү жана план иштелмесине так дал келет. Телевизор жана таратмалар менен иштелди. Окутуучу коюлган максаттарга жана күтүлүүчү натыйжаларга жетише алды.


2023-жылдын, 26-декабрында ОшМУнун ЭАББПЖМнын үч бөлүмүнөн, РЕИБ, АЕИБ, ТМИден окутуучулар усулдук тажрыйбаларын жалпы профессордук-окутуучулук курам менен бөлүшүштү. Анда Аймак таануу программасынын окутуучусу З.Асанахунова " Академиялык чынчылдык - билим сапатын жакшыртуудагы негизги кадам" деген темада япониядагы стажировкасы боюнча тажрыйбасын бөлүштү.