Программанын илимий-изилдөө ишмердуулугу
«Аймак тануу»
Программанын негизги илимий багыты – чет өлкөлүк аймак таануу: Чыгыш Азия. Бирдиктүү дүйнөлүк тартиптин калыптануу шартында региондорго кызыгуу, өзгөчө Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн өнүгүү темпин эске алуу менен кыйла өстү. Глобалдык өнүгүүнү мындай түшүнүү чет өлкөлүк регион таануу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү актуалдуу кылат.
Программада илимий-изилдее иштерин пландаштыруунун жакшы жолго коюлган системасы бар. Жыл сайын программанын илимий изилдөө иштеринин планы түзүлөт жана бекитилет, анда алдыдагы мезгилге илимий иштердин негизги багыттары чагылдырылат.
Программада илимий иштерди уюштуруу эки багытта жүргүзүлөт:
- программанын окутуучуларынын илимий-изилдөө иштерин уюштуруу;
- студенттердин илимий ишмердүүлүгүн уюштуруу.
Программанын илимий иши “Дүйнө өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсүнүн аймактык аспектилери” деген темада жүргүзүлөт.

Программанын окутуучулары ар кандай улуттук жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга жана симпозиумдарга катышышат. Программанын окутуучуларынын илимий иштеринин жыйынтыгы индекстелген илимий журналдарда жана жыйнактарда жарыяланып турат.
Программа республикалык бюджеттен каржылануучу максаттуу долбоорлордун жана иштеп чыгуулардын негизинде мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышат. 2021-жылы программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргызстандын диний коомчулугунун күнүмдүк турмушунда өзүн-өзү идентификациялоо процесстери: механизмдери, принциптери жана ыкмалары» темасындагы долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган. Долбоордун жетекчиси: PhD, доцент Ж.М.Сулайманов. Долбоордун катышуучулары: PhD, доцент Акматова Д.А., PhD, доцент Султанова К.Д.
Изилдөөнүн максаты: Дин шек туудурбаган, берилген нерсе катары кабыл алынган ар кандай турмуштук кырдаалдарда учурдагы социалдык реалдуулукта, күнүмдүк турмуш чындыгында диний коомчулук диндин негиздерин кандай түшүнөөрүн көрсөтүү.
Программа студенттердин квалификациялык диссертацияларына жетекчилик берет. Бүтүрүү квалификациялык иштердин темалары программанын илимий багытына ылайык аныкталат жана бекитилет.
Студенттердин илимий изилдөө потенциалын ишке ашыруу үчүн программанын алкагында төмөнкү студенттик клубдар иштейт:
«Аймак таануу» илимий ийрими. Ийримдин жетекчиси магистр Адылбек уулу Н.
Ийримдин максаттары жана милдеттери: студенттерди программанын илимий ишмердүүлүгүнө тартуу, аймак таануунун актуалдуу маселелери боюнча талкууларды уюштуруу жана өткөрүү, студенттердин чыгармачылык потенциалын ачуу.
Жапон тили клубу "Сакура". Ийрим жетекчиси магистр Асанахунова З.М.
Кытай тили клубу «Лотос». Ийрим жетекчиси магистр Култаев А.К.
Корей тили клубу «Хангыль». Ийрим жетекчиси магистр Султанова А.М
Тил ийримдеринин максаттары жана милдеттери: Чыгыш тилдерин жана маданиятын тереңдетип үйрөнүү, Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн маданияты боюнча материалдарды чогултуу жана системалаштыруу.
Программанын студенттери жыл сайын Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө илимий конференцияларга, сынактарга, дебаттарга катышат.
РВ-2-18 тобунун окуучусу Болот кызы Айкерим 2021-жылдын 29-ноябрынан 4-декабрына чейин Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШнын Эл аралык жаштар парламенттик мектебине катышкан. КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык жаштар парламенттик мектебинин студенттик илимий дебаттарынын жеңүүчүсү болуп, диплом менен сыйланган.
2021-жылдын 30-ноябрында «Студенттик жана илимий-техникалык прогресс» VIII аймактык конференциясында РВ(б)-1-21 тобунун окуучусу илимий доклады үчүн 1-даражадагы диплом менен сыйланган.