ОшМУ менен Корея Республикасынын Кванжу университетинин ортосунда келишим түзүлдү
2023.10.13 Кореянын Кванжу университетинин проректору Ким Гап-Йонг баштаган делегация ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинде болду. Коноктор директор Дилмурат Турсунов жетектеген ЭАББПЖМнын профессордук окутуучулук курам менен жолугушту. Тараптар кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде академиялык мобилдүүлүк, студенттер үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу жана биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту, анда жогоруда айтылгандардан тышкары адистердин өз ара аракеттенүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, академиялык маалымат жана басылмалар менен алмашуу, илимий конференцияларды уюштурууга багытталган. Кванжу университети Кореядагы эң алдыңкы университеттердин бири болуп эсептелет.
ОшМУнун делегациясынын Корея Республикасына жасаган иш сапары
Түштүк Кореянын университеттери менен кызматташуунун алкагында 22.01.2024-жылдан 26.01.2024-жылга чейин Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинин директору профессор Д.А. Турсунов жана директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, орус жана евразиялык интеграция кафедрасынын башчысы, доцент Д.А. Акматов жооп сапары менен Түштүк Кореянын Кванжу университетине барды. ОшМУнун делегациясы окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуп, өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча келечектүү пландарды талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар ЖОЖдор ортосундагы академиялык мобилдүүлүк, алдыңкы окумуштуулардын конок лекциялары, алдыңкы адистердин мастер-класстары, эл аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, биргелешкен илимий изилдөөлөр, кош дипломдук программаларды иштеп чыгуу ж.б. Эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Иш сапардын алкагында делегация өкүлдөрү Пусан университетинде «Аймак таануу» багытында академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып жаткан студенттер менен да жолугушту.

















"Аймак таануу" программасынын эл аралык байланыштары боюнча маалымат
Аймак таануу программасы университетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү университеттер менен өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча жигердүү иштеп жатат.
Эл аралык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, эл аралык укуктук актыларга, ЖОЖдордун Уставдарына, чет мамлекеттердин окуу жайлары менен эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге ылайык уюштурулат жана университеттин дүйнөлүк билим берүү системасына толук масштабдуу интеграцияга жетишүүгө багытталган.
ОшМУнун Эл аралык мамилелер жогорку мектебинин ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири илимий жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташуу болуп саналат. ОшМУнун эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп чет өлкөлүк университеттер менен кызматташуу, студенттердин эл аралык академиялык мобилдүүлүгү боюнча программаларды иштеп чыгуу, ири эл аралык илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
Жыл сайын студенттердин жана мугалимдердин арасында академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Эл аралык мамилелер Жогорку мектеби студенттердин тандап алган кесибин толук түшүнүүсү, аймакта гана эмес, илимий изилдөөлөрдүн материалдары менен таанышуусу үчүн тынымсыз иш алып барат. Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет өлкөлөрдө дагы башка өлкөлөрдө кабыл алынган эмгек стандарттары менен таанышат.
Мектептин Эл аралык байланыштар бөлүмү өзүнүн ишмердүүлүгүн заманбап тенденциялардын алкагында түзүүгө умтулат, ошондуктан эл аралык ишмердүүлүктүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. чет өлкөлүк университеттер жана эл аралык уюмдар менен бирдикте студенттер үчүн, анын ичинде бир семестрден бир жылга чейин, ошондой эле окутуучулар үчүн алмашуу программаларын уюштуруу жана ишке ашыруу;
2. эл аралык билим берүү жана илимий программаларга катышуу;
3. кызматташуунун жаңы булактарын издөө, учурдагы өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча иш жүргүзүү;
4. алмашуу катышуучуларынын тил компетенттүүлүгүн камсыз кылуучу иштелип чыккан интенсивдүү курстарда чет тилин окутуу;
5. чет өлкөлүк студенттерди окутууну уюштурууга жана чет өлкөлүк абитуриенттерди тартууга катышуу.