«Ошто жапон кинофестивалы»
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Япония Фонду ОшМУ менен биргеликте 2025-жылдын 25-26-мартында «Ошто жапон кинофестивалын» уюштуруп, ОшМУнун студенттерине, шаардын тургундарына жана конокторуна Япониянын маданияты, каада-салты жана киносу менен жакындан таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү. Программа драмалардан жана комедияларга чейин ар кандай жанрдагы тасмаларды камтыган, ар бир көрүүчүгө өзүнө жаккан нерсени табууга мүмкүндүк берди. Көрсөтүүлөрдөн кийин көрүүчүлөр көргөндөрүн талкуулоого, алган таасирлери менен бөлүшүүгө жана жапон киносу тууралуу көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаранын уюштуруучулары фестиваль жакшы салтка айланып, Япония менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.



2025- жылдын 19- февраль күнү Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде “Эл аралык эне тил күнүнө карата “ Россия Евразия интеграция бөлүмүнүн студенттери жана Султанова Арууке Медетбековна тарабынын уюштурулган корей куну белгиленди. Иш чарада Кореядан келген делегаттар менен биргеликте кызыктуу оюндар жана талкуулар болуп баарына жагымдуу маанай тартуланды.
















































Чыгыш согуш өнөрү.




Корей ашканасы.




Коомдук-тарбиялык иштеринин планы
2023-2024-окуу жылындагы коомдук тарбиялык иштери боюнча 1-жарым жылдык отчет
“Тил – биримдиктин жана маданияттын башталышы” аттуу интеллектуалдык тил сынак




ОшМУнун 85 жылдыгына карата уюштурулган “Тил – биримдиктин жана маданияттын башталышы” аттуу интеллектуалдык тил сынагына Аймак таануу багытынын РВ(б)-1-22, РВ(б)-1-23 тайпаларынын студеттери катышып “ГРАН ПРИ” дипломуна жана баалуу белектерге ээ болушту.
30.03.2024 "Аймак таануу" программасынын студенттери ишембиликте




Нооруз майрамы -2024г.




ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Нооруз майрамына карата Жаштар саясаты ВШМОП жаштар комитети тарабынан уюштурулган иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Студенттер кыргыз элинин улуттук оюндарын, каада-салтын, үрп-адаттарын көрсөтүшүп, ошондой эле Борбордук Азия элдеринин ыр-бийлеринен турган концерттик программа тартууланды.
2023-жылдын 25-декабрында Ош облусунун Өзгөн районундагы Марат Разаков атындагы мектеп-интернатында сүйүктүү студент досторубуз менен жолугуп кайттык.


2023-ЖЫЛДЫН 30-НОЯБРЫНДА АЛГЫШ БИЛДИРУУНУН МАЙРАМЫ БОЛДУ.
ВШМОПто 2023-жылдын 30-ноябрында алгыш билдируу күнүн белгиледи. Анда 8 топ англис тилинде ырдоо, бийлөө, дубал гезиттерди жана майрамдык дасторконду коргоо боюнча күч сынашты. ВНО(б)-2-23 тайпасы жеңүүчү деп табылды. Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде өтүп, жакшы таасирлерди жаратты.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МАЙРАМ.
2023-жылдын 31-октябрында ВШМОП алкагында «МОЦД» программасы «Аймак таануу» программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өткөрдү. Майрамдык салтанатка ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору К.Ш. , Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча үчүнчү катчысы Эргешов А.Э., Ош шаарынын мэриясынын «Тышкы саясат жана аналитика бөлүмүнүн» адиси Бакасов А.А. жана башкалар.



