Стейкхолдерлер менен иштөө
Фотогалерея

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү. Англис тили" адистигинин коомдук партнеру - "Азия Кембридж жеке мектеби" 10 жылдык мааракесин белгиледи. Маараке Ош шаарындагы Бабур драма- театрында, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мектеп жетекчиси тарабынан программанын окутуучулары конок катары чакырылып, мектептин жетишкендиктерине, артыкчылыктарына күбө болушту.




Фотогалерея

2024-жылдын 24-октябрында ЭАББПЖМнин РЕИ бөлүмүндөгү “Башталгыч билим берүү. Англис тили” программасынын профессордук окутуучулук курамы Ош шаарындагы «Азия-Кембридж» жеке мектебинде болушту. Иш сапардын жүрүшүндө “Башталгыч билим берүү. Англис тили” НББПсынын максаттарын жана окутуунун натыйжаларын талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Ошондой эле окутуучулар мектептин мугалимдеринин педкеңешине катышып, жогорудагы программанын 3-курстун студенттеринин педагогикалык практикасын ушул жерде өтөп жаткандыгына байланыштуу практиканын жыйынтыктары менен да таанышышты. Мектеп администрациясы окутуучуларга экскурсия өткөрүп, мектептин окуу шарттары менен тааныштырышты. Жолугушуу жемиштүү болуп өттү.



ОШМУНУН, РОССИЯ ЖАНА ЕВРАЗИЯ ИНТЕГРАЦИЯСЫ БӨЛҮМҮНҮН «БАШТАЛГАН БИЛИМ БЕРҮҮ. АНГЛИС ТИЛИ» ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ПРОГРАММАСЫНЫН НББП ТАЛКУУЛОО УЧУРУНДА.

2022-жылдын 26-февралында ОшМУнун ЭАББПЖМнын РжЕИБнүн «Башталгыч билим берүу. Англис тили» эксперименталдык программасынын ПЭП талкуулоонун алкагында тегерек стол болуп өттү. Чакырылган кызыктар тараптар жогоруда аталган программанын бакалаврынын компетенттүү модели боюнча өз көз караштары менен бөлүшүштү.

Буклет