Урматтуу чыгармачыл жаштар сиздерди Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) тарабынан уюштурулган “Келечекке көз караш” Евразия патенттик универсиадасына катышууга чакырабыз.
09:50
Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) тарабынан таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү жана алардын интеллектуалдык менчик маселелерине болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында “Келечекке көз караш” Евразия патенттик универсиадасын өткөрүп жатат.
Универсиадага 18-25 жаш курактагы жаштар же чыгармачылык топтор өздөрүнүн иштерин «Болочок жаштардын көзү менен: ойлогон ойдон патентке чейин», («Будущее глазами молодежи: от идеи до патента») өздөрүнүн иштерин же долбоорлорун сунуштай алышат.
Бул иш-чара эл аралык мааниде болгондугуна байланыштуу, Сиз жетектеген окуу жайынын чыгармачыл жаштарын “Келечекке көз караш” Евразия патенттик универсиадасы тууралуу академиянын сайтына жайгаштырууга жана студенттерди маалыматтандырууну суранабыз.
Мындан сырткары 2019-жылы Кыргызпатент тарабынан ишке ашыруулучу “Эң мыкты инновациялык СТАРТАПП” долбооруна катышууга чакырабыз.
Толук маалыматты Кыргызпатенттин (www.patent.kg), Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (fund.patent.kg) жана Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын сайтынан (gptb.patent.kg) же болбосо интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери: Тулобердиева Дамира Мукашевна, элек.дарек: damira.tuloberdi@patent.kg; Акжол Доранбек уулу, элек.дарек: d.akjol@patent.kg аркылуу алсаңыздар болот.
Сизди терең урматтоо менен,
Аткаруучу директор
У. Сыдыков
2357 09:50 23-01-2019