Студенттер ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган саякатта университеттин Кыргыз-Европа, Математика жана информациялык технологиялар, Дүйнөлүк тилдер жана маданият, Бизнес жана менеджмент, Стоматологиялык клиника, Кыргыз-Кытай факультети, Искусство жана Эл аралык мамилелер факультети, Медицина жана Эл аралык медицина факультеттери жана медициналык клиника, Теология, Табият таануу жана география, Орус филологиясы, Кыргыз филологиясы жана журналистика, Педагогика жана дене тарбия, Тарых, Юридика факультеттеринде болушушту. Саякаттын алкагында университеттин бардык структураларында студенттердин терен жана сапаттуу билим алуусуна, өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышышты.











