Объявления

Урматтуу ОшМУнун PhD докторанттары жана аспиранттары! Дата илими боюнча лекция Гамбург университетинин профессору лекция өтөт! #DataScienceBigDate
Урматтуу ОшМУнун докторанттары жана аспиранттары, 13-декабрь 2021 ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде атайын докторанттар жана тараспиранттар үчүн “Саламаттыкты сактоо багытындагы маалыматтарды иштетүү ыкмалары” (Data Science Techniques in Health Care) дата илими боюнча Германиянын Гамбург университетинин профессору Марина Тропманн-Фрик лекция өтөт. Лекция саламаттыкты сактоо багытында күн сайын өндүрүлүп жаткан маалыматтардын жана маалыматтардын ченемсиз көлөмүн сүрөттөп, дээрлик баарына чечкиндүү таасир этүү боюнча маалыматтар берилет.
BigDate (чоң маалыматтар) феномени компьютердик технологиялардын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүү көрсөткүчү болуп калды. Маалыматтарды, информацияларды жана билимдерди аныктоонун негизинде чоң маалыматтарды алуу процесси, билим алуунун циклдүүлүгү, маалыматтарды чогултуу жана сактоо, аларды информацияга айлантуудан тартып аналитикалык жактан иштеп чыгуу боюнча маалыматтар берилет. Тиешелүү технологияларга хронологиялык сереп салуу жүргүзүлөт, чоң маалыматтардын өнүгүү тенденциялары, ишке ашыруу үчүн аспаптар жана аларды колдонуудагы негизги кыйынчылыктар көрсөтүлөт.
792 23:22 12-12-2021

                 

Объявления

|< 1 2 >|